Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 13.03.2019 16:42

Ат-Башыда концертке барган тургундар куудулдарды таппай калышты

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык маданият үйүндө 2-март күнү куудулдар Тынар Курманалиев менен Абдылда Иманкуловдун концерти өтмөк. Бирок артисттер зал суук деп, концертин өткөрбөй кетип калгандыгын Ат-Башы айылынын тургуну Алмагүл Жоокенова билдирди.

«Биздин маданият бөлүмүнүн кызматкерлери 2 күн жылыткыч сайып, залды жылыттык дешти. Бирок суук деп кетип калышыптыр. Элдин шагын сындырган, ат-башылыктарга ушундай мамиле жасаса болот деген туура эмес да. Жергиликтүү райондук мамадминистрация дагы шарт түзүп берсе, райондогу элдердин баары кирмек да. Мен да билет алмакмын.

Билет алгандар көп эле болуптур. Атайын келгенден кийин концертин коюп эле кетишсе болмок. Ушундай нааразычылык болду», - деди Ат-Башы айылынын тургуну Алмагүл Жоокенов.

Ал эми Ат-Башы райондук маданият бөлүмү жалпы 70 билет өткөндүгүн, бирок артисттер суук деп кетип калгандыгын билдирди. Ошондой эле, 70 билеттин акчалары кайра ээлерине кайтарылып берилгендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×