Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуАт-Башы району 13.03.2019 11:29

Айыл турмушу: Ача-кайыңдылык 6 келин шырдак жасап киреше табышууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында 6 уз биригип, шырдак жасап жатышат. Кол өнөрчүлөр менен аймактык кабарчы таанышты.

Ача-Кайыңды айылында коңшу жашаган 6 келин шырдак жасап киреше табышууда. Алар 5 күндө 1 шырдакты толук түрдө бүтүрө алышат.

«Келин болуп келгенден бери эле, тактап айтканда 10 жылдан бери 6 келин кол өнөрчүлүк менен алектенебиз. Бири-бирибиздин үйүбүзгө чогулуп иштейбиз. Үйүбүз дагы чукул жайгашкан. Биз шырдакка, кыздын себине буйрутмаларды алабыз. Бир тууганга айтпаган сырларыбызды бир-бирибизге айтып, сырдашып жакын болуп калганбыз. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деп, кайгыбызды, кубанычыбызды бири-бирибиз менен бөлүшүп турабыз», - деди Салима Ормонова.

Алар кол өнөрчүлөргө шарт түзүлүп берсе дейт.

«Биздин бир гана көйгөйүбүз бар. Цехибиз жок болуп жатат. Биз көрүнүктүү эжелер менен иштешебиз. Бирок биздин жасаганыбыз билинбей калат. Алар биз жасадык деп бардык жерлерге алып барышат. Ошондо биз көмүскөдө болуп калабыз. Өзүбүз чет өлкөгө сата албайбыз.

Өзүбүздүн үй жумушубуз бар. Бир айлык кирешебиз өтө көп эмес. Алты келин 1 шырдакты 5 күндө шырып бүтөбүз. Биз жасаган эмгектерибизди чет өлкөгө сата алсак, анда биз цех ача алабыз. Башка улуттагылар “мастер-класс көрсөтүп бергиле” деп келишет. Чет өлкөлөргө көп эле шырдактарыбыз кетип жатат. Мисалы, акыркы жылдары эле Америкага 5 шырдак кетти», - деп билдиришти кол өнөрчү келиндер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×