Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 13.03.2019 09:29

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы ипподромдо ат оюндары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Оюн тай чабыш, кунан чабыш, жорго жана аламан чабыш менен коштолду. Тай чабышта 1-орунду Баш-Кайыңды айылынан карала аты менен келген Турсунбек Асанкадыров ээледи. Кунан чабышта 1-орунду Адис Мамбетбаев алды. Анда жалпы 13 кунан чабылды.

Ал эми жорго чабышта Талды-Суу айылынан келген Алик Жунусов 1-орунду ээлесе, аламанда Эламан Мамбеталиев Трон деген аты менен 1-орунду камсыздады. Аламан жана жорго чабышта жалпы 8 күлүк чабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×