Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусу, Нарын 13.03.2019 09:14

Нарында Индия-Кыргызстан маданий кербени өттү (видео)

Turmush -  Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана «Алтын Тадж» Индия-Кыргызстан достук коомдук бирикмеси тарабынан маданий кербен өткөрүлдү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Мирахим Токтогулов билдирди.

Маданий кербендин максаты — эки өлкөнүн отосундагы маданий байланышты өркүндөтүү болуп саналат. Иш-чарага облус башчысы Аманбай Кайыпов, Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри катышып, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, мындан ары да достукту чыңдоо багытындагы иштер туурасында айтып беришти.

Катышуучуларга йога боюнча мастер-класс көрсөтүлдү. Ошондой эле Индия элинин салттуу бийи, ашканасы тартууланды.

«Бул өнөрдү тартуулагандар Индиядан келген. Алар салттуу өнөрдү алып жүрүүчүлөр. Мындай иш-чара экинчи жолу өтүп жатат. Ар бир облуста Индия элинин маданиятын чагылдырган маданий бурчтар уюштурулган. Мындай иштер эми калган облустарда уюштурулат. Бул иш-чара Индиянын тарыхында эң чоң орду бар саясий ишмер Махатма Гандинин 150 жылдыгына арналып өткөрүлдү», - деди уюштуруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×