Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАк-Талаа району 12.03.2019 20:23

Баетовдогу кыйшайып калган электр мамысы калыбына келтирилет, - райондук электр тармагы

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы эки көчөнүн кесилишиндеги кыйшайып турган электр мамысы жердин тоңу кеткенде калыбына келтирилерин райондук электр тармагынын жетекчиси Таалайбек Турганбеков аймактык кабарчыга билдирди.

«Бүгүн Баетов электр тармактар бөлүмүнүн жетекчиси Тынчтык Турдукулов менен аталган объектини көрүп келдик. Электр мамысынын темир бетону жараксыз абалга келип калган экен. Аны алмаштыруу керек. Азыр жер тоң болгондуктан алмаштыруу мүмкүн эмес. Жердин тоңу кеткенде жерге орнотулуп турган темир бетонду алмаштырып, мамыны түздөйбүз», - деди Т.Турганбеков.

Буга чейин жергиликтүү тургундар З.Ашырбаева менен Ынакбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыйшайып калган электр мамысы кооптуулук жаратып жатканын айтышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×