Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусу, Нарын 12.03.2019 18:10

Дарыкана, заңгыраган үйлөр: Нарында ачкачылык жарыялаган ишкерлер тууралуу мэрия эмне дейт?

Turmush -  Кечээ Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында башталган нааразычылык акциясы азыркы тапка чейин уланып жатат.

11-мартта чогулгандар эртең мененки саат 10:00дөн баштап болжол менен түнкү саат 01:30га чейин аталган аянтта болушту. Андан соң бүгүн, 12-мартта кайрадан аянтка чогулушту. Алар Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан соода күркөлөрүнүн алынышына жана талаптары аткарылбай жатканына нааразы болушууда.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, атайын комиссия тарабынан борбордук базардын айланасын иретке келтирүү, мыйзамсыз коюлган күркɵлɵрдү алдыруу максатында иш-аракеттер башталып, үстүбүздɵгү жылдын 28-февралында С.Орозбаков кɵчɵсү менен Шуллер кɵчɵсүнүн кесилишиндеги жɵɵ адамдар өтүүчү жерге мыйзамсыз коюлган ашкана күч менен алынган.

«Нааразы болгон Бурул менен Нарын шаардык муниципалдык департаментинин ортосунда 2012-жылдын 21-ноябрынан 2013-жылдын 21-октябрына чейин жеӊилдетилген типтеги объектини жайгаштыруу үчүн 18 чарчы метр жерди ижарага берүү боюнча эки тараптуу келишим түзүлгɵн. Кийин ушул эле келишим 2013-жылдын 21-октябрынан 2014-жылдын 21-октябрына чейин бир жылга узартылган. Бирок Бурул И. келишимдин шарттарын бузуп, дагы бир күркɵ коюп, жɵɵ адамдар өтүүчү аллеяны бɵгɵп, чоӊ объектини жайгаштырып алган.

Муниципалдык менчик департаменти 2014-жылдын июль айында Нарын шаардык сотуна Нарын шаарынын Шуллер жана С.Орозбаков кɵчɵлɵрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз 2 контейнерди жоопкер Бурулга алдыртып, жер аянтын алгачкы калыбына келтирүүнү милдеттендирүүнү сурап, доо арыз менен кайрылган.

Сотто И.Бурулдун 37, 21 чарчы метр жерди ээлеп турганы, анын 19, 21 чарчы метри мыйзамсыз экендиги аныкталып, Муниципалдык менчик департаментинин доо арызы жарым жартылай канааттандырылган. Тактап айтканда, келишиминин мɵɵнɵтү бүтɵ элек болгондуктан 18 чарчы метр жер аянты келишимдин мɵɵнɵтү бүткүчɵ И.Бурулда пайдаланууда калтырылып, 19, 21 чарчы метрдеги күркɵнү алдыруу милдеттендирилген. Бирок Бурул Нарын шаардык сотунун чечимин аткарган эмес жана 2014-жылдан ушул күнгɵ чейин келишимдин мɵɵнɵтүн узартпай, бир сом да ижара акысын тɵлɵбɵй, мыйзамсыз жол менен пайда таап келген», - деп айтылат маалыматта.

«Нарын шаарын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан ɵнүктүрүү стратегиялык программасынын» алкагында борбордук базардын айланасын иретке келтирүү (тосмолорду коюу, жɵɵ адамдар басуучу аллеяларды жана унаа токтотуучу муниципалдык жайларды уюштуруу) үчүн жол жээгиндеги мыйзамсыз күркɵлɵрдү алдыруу милдети коюлган.

«Бул боюнча Нарын шаарынын мэринин «Нарын шаарынын кɵчɵлɵрүн жана борбордук базарлардын айланасын иретке келтирүү жɵнүндɵгү» 2017-жылдын 16-августунда чыккан №282-б буйругун, ошондой эле Нарын шаардык прокуратурасынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 11-43 к-18 сандуу мыйзам бузуучулукка жол бербɵɵ менен тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунушун аткаруу максатында, «Нарын шаарындагы кɵчɵлɵрдүн боюнда жана борбордук базарда мыйзамсыз коюлган павильондорду, контейнерлерди жана башка объектилерди алдыруу» боюнча шаардык мэриянын алдында атайын комиссия түзүлгɵн.

Буга чейин борбордук базарда мыйзамсыз коюлган объектилер менен курулуштардын ээлерине Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү ишканасы тарабынан тиешелүү билдирүүлɵр берилген. Бирок ага карабастан аталган объектилердин ээлери ɵз ыктыяры менен бошотуу же берилген билдирүүгɵ макул болбосо тиешелүү органдарга даттануу иш-аракеттерин кɵрүшкɵн эмес.

Ошондуктан Нарын шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵгү мыйзамынын 41-44-беренелеринде кɵрсɵтүлгɵн ыйгарым укуктары менен милдеттерин аткарып, шаардын кɵчɵлɵрүндɵгү жана борбордук базардагы мыйзамсыз коюлган объектилер менен курулуштарды алдыруу, чоӊ жолду бошотуп, адамдар басуучу аллеяларды ачтыруу иштерин баштаган.

Шуллер жана С.Орозбаков кɵчɵсүнүн кесилишендеги алынган күркɵнүн ээси И.Бурул тарабынан алынган күркɵнү кайра калыбына келтирип алуу максатында, 2018-жылдын 11-мартынан баштап мɵɵнɵтсүз ачкачылык акциясына чыгуу боюнча билдирүү түшүп, Нарын шаардык мэриясы тарабынан коопсуздук чаралары кɵрүлгɵн.

Нааразылык акциясын уюштурган шаар тургундарына мэрия тарабынан базардын ичиндеги башка орундар сунушталды. Бирок алардын талабы алынган жана алына турган күркɵлɵрдү мурдагы абалында калтыруу болгондуктан акцияны улантышууда.

Мыйзамсыз аракеттерин туура деп эсептеп ачкачылык жарыялап, карапайым калктын атынан ар кандай сɵздɵрдү сүйлɵп жаткандар чындыгында жашоо шарты жакшы, базарда 5-6 соода күркɵлɵрү, дарыканалары бар ишкер адамдар.

Мыйзамсыз күркɵлɵрдү алып, жол жээктерин тазалоо иштери мындан ары да үзгүлтүксүз улантыла бермекчи», - деп кошумчалады аталган түзүм.

Өткɵн жылдан бери Нарын шаары боюнча 50дɵн ашык мыйзамсыз күркɵлɵр алынган.

Акцияга чыккан соодагерлердин мүлкү (Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы берген сүрөттөр)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×