Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАк-Талаа району 12.03.2019 17:29

Омар Хаямдын кол жазмасы «Титаник» менен кошо океанга чөгүп кеткенби?

Turmush -  Китепкана – бул термин баардыгына эле белгилүү болуш керек. Ал эми китепкананын ажайып чоң тарыхы, көргөзгөн кызматы, элге, илимге, билимге, цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон зор салымы көбүнө белгилүү эмес. Китепкана иши – бул өзүнчө бир чоң илим. Ал эми кээ бир китептердин жана китепкана тарыхынын сырдуу дүйнөсүн кыдыра турган болсок көп кызыктуу окуяларга себепчи болобуз. Ак-талаалык, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков китепканада кызмат кылган белгилүү инсандар, илим-билимге салымы чоң китептер жана китепкананын жардамы менен дүйнөлүк цивилизацияны өзгөртүүгө зор салымын кошкон илимий ачылыштар тууралуу баяндап берди.

Максат Ынакбеков_o

15-кылымдагы түрк-ислам дүйнөсүнүн атактуу окумуштуусу, Борбордук Азиянын тарыхында белгилүү инсан, инженер, астроном Тимурдун небереси Улукбектин кесиптеши жана жанжөкөрү Али Кушчу Самарканддагы обсерваторияда жетекчи болуп иштеп, жылдыздарга байкоо жүргүзүп келген. 1449-жылы Улукбектин кан сарайындагы өз баласы Абдуллатифдин кылган төңкөрүшүндө обсерватория талкаланып урандыга айланган, бирок Улукбектин түзгөн жылдыздардын таблицаларын Али Кушчу сактап калган. 30 жыл астрономия илими менен алек кылган Алини кесиптеши Улукбектин өз баласынын колунан өлүм табышы, өз жанындай эмгек кылып келе жаткан обсерваториянын талкаланышы катуу кайгырткан. Али баарын таштап Меккеге ажылыкка барууну туура чечкен. Бирок Улукбектин өлүмү, обсерваториянын талкаланышы, Самаркандды таштап кетиши Алинин тагдырына чоң өзгөрүүлөрдү жараткан. Үй-бүлөсү менен Меккеге бара жатып Тебризде аккоюндардын башчысы Узун Хасанга жолугуп, Узун Хасандын суранычы менен Стамбулдагы Осмон династиясынын жетинчи падишахы, Осмон мамлекетин империяга айландырган султан Мехмет II - Фатихке элчилик кылып берүүгө калып калган. Стамбулга болгон алгачкы эле элчилигинде султан Мехмет II - Фатих Стамбулга келип, Аясофия медресесинде мударис жана жеке китепканасында мүдүр болуп эмгектенүүсүн суранган. Али макул болуп, эки жылдан кийин Тебризден үй-бүлөсүн алып, Стамбулга көчүп келген. Али калган бүт өмүрүн жылдыздарды байкоо менен бирге китепканага да арнаган. Али Кушчу Улукбектин эмгектерин Стамбулда жарыкка чыгарганда Европанын астрономдору «ушундай таң каларлык изилдөөнү биз ушуга дейре таба алган эмеспиз» деп, баштарын мыкчып таң калышкан экен. Ошондон кийин бир канча жүз жылдар бою, Улукбек менен Алиникиндей так эсептөөлөрдү жана байкоолорду эч ким жүргүзө алган эмес. Демек Али Кушчунун түрк-ислам дүйнөсүнө атактуу окумуштуусу болушуна китепкана да, китепканадагы маалыматтар да түрткү болгон.

Кээ бир учурда эң кызыктуу, сейрек кездешүүчү китептер тарыхтагы окуяларга кабылып жоголуп да кеткен. Мисалы, белгисиз бир китепканадан бир коллекционер аркылуу уурдалып кеткен баа жеткис Омор Хайямдын «Рубаи» аттуу манускрипти (кол жазмасы) 1912-жылдын 10-апрелинде белгилүү «Титаник» кемеси менен кошо түндүк Атлантика океанына чөгүп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Бул тууралуу Армения Республикасынын улуттук сүрөт галлереясынын жана Мартироса Сарьян улуттук үй-музейинин директору Шаен Хачатряндын жазган «Титаниктин трагедиясы тууралуу маалыматтарды өз көзү менен көргөн адамдан уктум» аттуу макаласынан окусак болот. Ал макаладан армян улутундагы жыйырма беш жаштагы Вагинак Смбат-Бюрат (Тер-Казарян) аттуу коллекционер Стамбулда атасы экөө ачкан «Заманбап китепкана» аттуу басма үйүндө басып чыккан китептер менен кошо чогулткан коллекцияларынын чоң партиясын Америкага жеткизүү үчүн, Стамбулдан Гаврага Чыгыш эксперсси аркылуу, ал жерден Манчестерге, анан барып Саутгемптондон Новый Светке жетүү үчүн «Титаник» кемесине түшкөнү тууралуу, ал трагедиядан аман калып кайра Стамбулга баргандыгы тууралуу жазылган. Ошондой эле, макаладан Армения адабияты жана искусство музейинин кызматкери Мелания Егиазарян архивдерди казып жатып, Вагинактын кол жазма эскерүүлөрүн таап алганы, ал эскерүүлөрдүн бир үзүндүсүндө «суу менен кошо аккан Омор Хайямдын баа жеткиз кол жазмасынын барактары чөгүп бараткан кеме азыркыга дейре көз алдымда» деп жазылганын окусак болот.

Дагы бир атактуу илимпоз, астрономия илимин өмүр бою изилдеген араб окумуштуусу Аль Хорезмини Аббасид династиясынын Багдаддагы халифи Аль-Мамун тарабынан Багдаддагы «Даанышмандык үйү» (Бейт аль-хикма) китепканасында жетекчиси болуп дайындалган. «Даанышмандык үйү» китепканасы азыркы кездеги илим академиясы сыяктуу функцияны аткарган. Ал жерде араб өлкөлөрүнөн келген көптөгөн илимпоздор иштешкен. Китепкана эски колжазмалар менен астрономиялык обсерваторияларга бай китепкана болгон. Аль Хорезми китепканада кызмат кылып жүрүп эң кызыктуу нерсени таап чыккан. Ал жок нерсени тапты, башкача айтканда «нөлдү» математика илимине киргизген.

Тарыхый маалыматтарга таяна келсек «нөл» саны, башкача айтканда ондук саноо системасы V кылмдарда эле Индияда Ариабхата аттуу окумуштуунун «Ариабхатиам» деген астрономиялык трактатында жазылган. Жүз жыл өткөндөн кийин индиялык ойчул Брахмагупта мурдагы кесиптештеринин изилдеп кеткен «нөл» түшүнүгү боюнча эркин изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган.

«Нөл» түшүнүгү Европага жетүүдөн мурда узун жана узак жолду басып өткөн. 712-жылдагы арабдардын Индиянын бир бөлүгүн жана Инданын төмөн жагындагы Синдди багындырып алышы, аларды «нөл» түшүнүгүн үйрөнүшүнө себепчи болгон.

IX кылымда «Ариабхатиам» трактаты Аль Хорезм тарабынан которулуп, араб сандарында «нөл» саны пайда болуп, дүйнөгө тааныла баштаган.

Аль Хорезминин араб сандарынын эсептөө системасына киргизген «нөл» саны кытай элине мусулман көпөстөрү аркылуу таанылган. Нөл термини (шунья - боштук, жок) «сифр» жана «ас-сифр» деген жаңы сөз менен колдоно башташкан.

Ал эми европалыктар араб сандарынын эсептөө системасы менен көптөгөн жүз жылдар бою Пиреней жарым аралынын чоң бөлүгүн ээлеген Кордов халифаты аркылуу тааныша баштаган. 970-жылдары Кордов китепканаларына мусулманча кийинген чет элдик бир окумуштуу көп келе баштаган. Ал арабча, грекче жана еврейче билген, жаңы билимге аңчылык кылган орильякалык француз монахы Герберт болгон.

Китепкананын ичинде табылган «нөл» дүйнөлүк цивилизацияны өзгөртүүгө зор салымын кошкон.

Китепкана Эйнштейнге да чоң таасирин тийгизген. Мектеп окуусун аяктаган Энштейндин китепканада бир жыл даярданышы 1896-жылы Зурих техникалык техникумуна өтүүсүнө түрткү кылып, атактуу окумуштууну илим дүйнөсүнө алып келген.

Биздин заманга чейинки III кылымда Египет падышасы Птолемей II Филадельфдин убагында курулган Александрия китепканасы 900 миң томдук кол жазмалары менен тарыхый мааниге ээ китепкана болуп саналган. Китепкананын негизги фондун пергаменттер түзгөн.

Азыркы учурдагы улуттук китепкана сыяктуу топтоо жүргүзгөн Александрия китепканасына Египетте жазылган ар бир китепти алып келүү талабы коюлган. Улуттук архивдердин жана улуттук китепканалардын түзүлүшүнө чоң салым кошкон Топтоо мыйзамы сыяктуу ыйгарым укугу исламга чейинки III кылымдагы Александрия китепканасынын мүдүрүнө берилген. Александрия китепканасынын мүдүрү Египеттеги ар бир китепти алып китепканага өткөзүүгө укуктуу болгон. Китепканада китептин бир көчүрмөсү чыгарылып ээсине кайтарылып турган. Өкүнүчтүүсү бул 900 миң томдуу укмуштуу чоң китепкана адам баласы тарабынан өрттөлгөн. Нил дарыясынан бир топ күнгө чейин китептердин күлдөрү агып, шаардын мончолору Александрия китепканасынын кол жазмалары менен жылынган. Ошентип маалыматтын чолпон жылдызы өрттөлүп жок болгон.

Aleksandriya library

Александрия китепканасында грек философу жана акыны Зенодот Эфесский, грек математиги, астроном, географ жана акын Эратосфен Киренский, байыркы грек филологу Аристофан Византийский, грек филологу Аристарх Самофракийский, эллинизм доорундагы окумуштуулар, ошондой эле байыркы грек математиги Эвклид сыяктуу белгилүү инсандар эмгек кылган.

Кол жазмаларга жана сейрек кездешүүчү китептерге толгон Бухара китепканасы да Александрия китепканасы сыяктуу бир тагдырды бөлүшкөн. Атактуу медицина аалымы Ибн Сина Бухара эмири Нух ибн-Мансурду дарылагандан кийин «менден эмне кааласаң, сура!» дегенинде, саманиддердин Бухарадагы китепканасынын китепканачысы болууну суранган. Ибн Сина Бухара китепканасында иштешин өзүнүн илимий турмушунун эң ыңгайлуу этабы деп эсептеген. Көп жылдар бою Ибн Сина эмгектенген бул китепкана да анын кол жазмалары менен кошо өрттөлүп кеткен.

Өрттөлгөн, уранды китепканалардын арасына экинчи дүйнөлүк согушунда Берлин китепканасы да кошулган. Археологияга кызыккан Юрий Кнорозов аттуу катардагы орус аскери экинчи дүйнөлүк согушунда Берлинди алуу учурунда күйүп жаткан Берлин китепканасынан эки китепти сактап калган. Бул китептер ал орус аскеринин тагдырын толугу менен өзгөрткөн. Сактап калган китептерде Америка континентинин Колумбга дейре негизги калкын түзгөн майа уруусунун жазууларынын тексттери болгон. Майа жазуулары негизинен төрт тексттен турган, ал эми бул китептер ал жазуулардын үч текстин камтыган. Юрий бул китептин үстүндө иштеп, майа жазууларын чечмелеп, китепти таап алган күндөн кийин жети жыл өтпөй алгачкы илимий эмгегин жараткан. Кийин 1975-жылы «Майа иероглифинин кол жазмалары» аттуу китебин дагы чыгарган. Бул китеп XII-XV кылымдардагы майа уруусунун тексттеринин алгачкы котормосу болуп эсептелген. XIX кылымдын башында изилдене баштаган Майа цивилизациясы жөнүндө маалыматтарга бай болгон Берлин китепканасы өрттөлгөн учурда да анын урандылары майа жазууларын адамзатка белек кылып бере алган.

Китепканада кызмат кылган же болбосо китепкана тармагында адис болуп, бирок илимдин ар кандай тармагы же турмуштун ар кандай жолу аркылуу атак-даңкы чыккан бир топ инсандар бар. Мисалы, орус публицист, акын жана тамсилчиси Иван Андреевич Крылов 1812-1819-жылдары Петербургдагы калк китепканасында, орус математиги, неевклид геометриясын түзүүчүлөрүнүн бири Николай Иванович Лобачевский Казань университетинин китепканасында, белгилүү академик, эмбриология жана салыштыруу анатомиясынын уюштуруучусу Карл Максимович Бэр Петербургдагы илимдер академиясынын китепканасында китепканачы болуп иштешкен. Ал эми, Иран Ислам Республикасынын бешинчи президенти Мохаммад Хатами президент болгонго дейре 1992-1997-жылдары Иран улутук китепканасынын жетекчиси болуп эмгектенген. Кытайдын тарыхын өзгөрткөн Мао Цзэдун да Пекин университетинин китепканасында иштеген. Маркс менен Лениндин теориясын эч билбеген Мао ушул китепканага китепкана жардамчысы болуп орношуп, башкы китепканачы жана белгилүү кытай марксисти Ли Дачжао тарабынан уюштурулган «Марксизмди изилдөө» аттуу ийримине кирип, марксизмге болгон ойгонуулары пайда болгон. Американын 43-президенти Джорш Буштун жубайы Лаура Буш да Хатами менен Маонун кесиптеши болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×