Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусу, Нарын 12.03.2019 15:59

«Мени эл душманы дегендерди сотко берем»: Нарындын вице-мэри соодагерлер менен жолукпай турганын айтты

Turmush -  Кечээ Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында башталган нааразычылык акциясы азыркы тапка чейин уланып жатат.

11-мартта чогулгандар эртең мененки саат 10:00дөн баштап болжол менен түнкү саат 01:30га чейин аталган аянтта болушту. Андан соң бүгүн, 12-мартта кайрадан аянтка чогулушту. Алар Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан соода күркөлөрүнүн алынышына жана талаптары аткарылбай жатканына нааразы болушууда.

Учурда аянтта 5-6дай соодагер турушат.

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов нааразычылык билдирип чыккан соодагерлер менен жолукпай тургандыгын билдирди.

«Мен алар менен жолукпайм. Алар мени эл душманы деп, плакаттарга жазып чыгышкан. Алардын үстүнөн сотко арыз жазам.

Буга чейин аларга "келгиле жолугуп сүйлөшөлү" деп айттык. Бирок алар сөзгө келген жок. Башка муниципалдык жерлерди дагы сунуштаганыбызга көнбөй коюшкан. Мыйзамсыз коюлган жайлар азыр же кечээ көтөрүлгөн жок. Көптөн бери эле айтылып келе жатат. Баары мыйзам чегинде болушу керек да.

Эртең дагы базардан жана көчөлөрдөгү мыйзамсыз соода күркөлөрүн алабыз. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Биз дагы мыйзам чегинде гана иш алып барып жатабыз.

Кечээ бул жакка келген эжелер облус башчысына киришиптир. Облус башчысы А.Кайыпов Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловду жана мени дагы чакырган. Биз барган учурда дагы баары сөзгө келбей, облус башчысын да, мэрди да укпай коюшту. Ал жактан чыгып эле администрациянын алдына отуруп алышты. Биз аларга "базар башчысын чакыралы. "Кадыр-Ата" базары бош турат. Кеңешип орундарды караштыралы" десек макул болушкан жок. Биз эми эмне кылабыз?

Былтыр күзүндө соодагерлерге эскертүү бергенбиз. Ошондон бери 6-7 ай болду. 2014-жылдан бери турган орундары үчүн мамлекетке акча төлөшкөн эмес. Ал жерлер мурун мыйзамсыз берилген. Эми анын азабын азыр тартып жатабыз. Канчалаган эмгек менен көчөдөгү мыйзамсыз күркөлөрдү тазалап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×