Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАк-Талаа району 12.03.2019 15:09

Ак-Талаанын Баетов айыл өкмөтүндө таштанды чогултуучу ишкана ишке кирди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүндө таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынгандыгын «Баетов таза суу, таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Руслан Абышбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин жергиликтүү тургундар таштандыларын атайын жайга өздөрү алып барып ташташчу.

«Таштандыларды кыдырып чогултуу иши ишемби күнү эртеңки менен саат 09:00дөн башталат. Кайыңды-Булак айылынан баштайбыз. Түшкү саат 12:00дө Баетов айылынын күн батыш тарабындагы А.Эмилбеков көчөсүнөн тартып тик көчөлөрдү кыдырабыз. Тактап айтканда түштөн кечке чейин А.Эмилбеков, А.Султаналиев, Көккөзов, Дербишкан, М.Абышбаев, З.Ашырбаева, К.Мурзалымбеков, А.Асаналиев, Балтабай, Ж.Сарыков, Кадыралиев, А.Баатырбеков, андан кийинки акыркы көчөлөрдү кыдырабыз. Ал эми жекшемби күнү эртеңки менен саат 09:00дөн баштап Баетов айылынын туурасынан жайгашкан Муслимов, Достук, Тынчтык, Манас, Акназаров, Ынакбеков, Т.Жолдубаев, Молдобасан, Кулубай, Салиев, Байбачаев, Абдылдаев, Аркабаев, Токоев, Ү.Акматов көчөлөрү кыдырылат. Жогоруда аталган көчөнүн жашоочулары таштандыларын ушул күндөрү жолдун боюна чыгарып коюшу керек.

Оттун күлүн, курулуш материалдардын калдыктарын жана малдын кыктарын алып кетпейбиз. Буларды ыңгайлуу жерге чогултуп коюу керек. Эгер, андай таштандыларды чыгарам дегендер болсо, бир КамАЗ таштанды 2000 сомго чыгарылат. Акыр-чикирди кыдырып жыйноо үчүн бир түтүндөн айына 50 сомдон алынат, - деди Р.Абышбаев.

Аталган ишкана айыл өкмөттүн карамагында ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×