Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 12.03.2019 14:27

Ат-Башыда чөптүн баасы 4 эсеге кымбат болууда, - соодагер (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда чөптүн баасы 4 эсеге кымбат болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга чөп сатуучу соодагер Медербек Олжобаев билдирди.

Анын айтымында, бир боо чөптүн салмагы 18-20 кг болсо, анын баасы 160 сомдон 190 сомго чейин болууда.

- Көк беде (биринчи чабык) 160 сом;
- Эспарцет (экинчи чабык) 180 сом;
- Үчүнчү чабык 180-190 сом:
- Бедеси жок табигый чөп 160 сом.

«Былтыркыга салыштырмалуу кымбат. Былтыр 30 сом болчу. Быйыл 3-4 эсе кымбат болууда. Мен Чүйдөн алып келип жатам. Ат-Башы базарына чыгып сатып жатам. Ат-Башыда мал көп, чөп аз болгондуктан алышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×