Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 24.04.2019 21:19

Жаш талант: Бир жылда 9 жолу баш байге алган 11 жаштагы чабандестин ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  11 жаштагы Аскар Туратбек уулу Ат-Башы районунда болгон ат чабыштарда дайыма биринчи орунду камсыздап, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланып келет.

Ал ат чапканына 1 жылдай убакыт болду. Бул аралыкта ондон ашык ат чабышка катышып, анын ичинен тогуз жолу 1-орунду алган. Атты жакшы көргөн Аскар келечекте саяпкер, улакчы болгусу келет.

Аскар үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Учурда Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинде билим алууда.

«Мен ондон ашык ат чабышка катыштым. Бир гана жолу жол торолуп калып, экинчи келип калдым. Калган мелдештерде биринчини берген жокмун. Тай, кунан, чоң аттарды дагы чабам. Ат-Башыдагы түшүм майрамында бир жолу аттан кулагам. Кайра атты минип, атаандаштырымдын артынан кууп жеткем. Алгачкы жолу 1-орунду алып, 7000 сом жана диплом менен сыйлангам», - деди ал.

Аскар мурда өз алдынча атасынын атын чаап жүрчү. Кийин устатынын жардамы менен ат чапканды жакшы үйрөнгөн.

«Эламан деген байке үйрөткөн. Ал байке ат чабасыңбы деп сунуш кылган. Ат чабуу илгертен эле ата-бабабыздан калган да. Ошону менен биз улантып келе жатабыз. Атты дагы эрежеси менен чабыш керек. Биринчисинде секиртип, жогору жакка катуураак чабабыз. Ат күчтүү болуш үчүн аны жакшы карап, сугарып багыш керек. Чоңойгондо улакчы, саяпкер болгум келет. Анткени ат мингенди аябай жакшы көрөм. Үйдө 2 ат бар. Мындан сырткары элимди коргоп милиция кызматкери болгум келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×