Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуНарын району 12.03.2019 12:52

Нарындын Төш-Булак айылындагы 300 гектар жерге суу чыгарылат (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылынын суу барбаган 300 гектар жерине суу чыгарылат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө райондун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, 42 мамы коюлуп, зым чубалгысы тартылып, подстанция орнотулду.

«300 гектар жерге суу чыкса, эл толук жумуш менен камсыз болуп, тоют сатуу менен кыска убакытта жашоо шартын жакшыртып алышат. Сугат суу чыгарууга жалпысынан 1 миллион 500 миң сом каражат сарпталды. Учурда түтүккө, насоско жана аларды орнотуу иштерине каражат каралып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×