Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Баракелде, Дүйнө 12.03.2019 10:03

Москвада кыргызстандыктар бильярд мелдешин уюштурушат

Turmush -  17-мартта Россиянын Москва шаарында сүйүүчүлөр арасында өтүүчү «Орус бильярды — 2019» мелдеши старт алат. Бул тууралуу Москвадагы кыргызстандык мигранттардын «KG-Лига» футбол лигасынын жана Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Максатбек Мамбеткулов билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш жыл сайын сүйүүчүлөр арасында өтөт жана оюнчуларды каттоо 17-мартка чейин созулат.

«Мелдеш 17-март күнү башталат. Мелдештин уюштуруучулары — мен жана Канатбек Исаев. Мелдештин максаты — улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, спортту пропагандалоо болуп саналат», - деди ал.

Оюндар Россияда жасалган Simonis 860 оюн столдорунда, 280 граммдык Aramith Premier үлгүсүндөгү шарлар менен ойнотулат. Ар бир оюн 2 оюнчунун бирөөсүнүн 3 жеңишине чейин созулат жана кайсы бир катышуучу дароо 2 партияда жеңилсе, беттеш соңуна чыгат. Мелдеш орус бильярдынын (пирамида) эрежелери боюнча өтөт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан белектер каралган. Ошондой эле алдыңкы орундарды ээлегендер медаль, диплом жана кубок менен сыйланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×