Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Баракелде, Бишкек 12.03.2019 09:53 Жаңыланды: 12.03.2019 16:54 На русском

«Үйлөнөм деген 70 жаштагы карыяны сүннөткө отургузуп...»: Россиядагы кыргыз дарыгердин тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Азиз Мамбеталиев. Ал Бишкек шаарында төрөлгөн. Учурда Россиянын Амурск шаарындагы ооруканада уролог болуп эмгектенип жатат. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн.

«Окууну бүткөндөн кийин Балыкчы шаарындагы ооруканада 2 жыл иштедим. Эмгек жолумду үй-бүлөлүк дарыгер болуудан баштап, андан кийин клиникалык жетекчи болдум. Кесиптештериме, айрыкча директордун орун басары Асыл Карымбаевага ыраазычылык билдирет элем. Ал мага көп ишти үйрөттү.

Кесибимди жакшы көргөнүм менен маяна аз болгондуктан Россияга келүүгө аргасыз болдум. Акыркы жарым жылдан бери Амурск шаарындагы ооруканада уролог болуп эмгектенип жатам. Бул жерде Кыргызстанга салыштырмалуу айлык акы 5 эсе жогору. Эли дагы ден соолугуна кам көргөндү билет. Оорунун алдын алууга көбүрөөк маани берип, текшерилип турушат. Амурск шаарында ар түрдүү улуттар жашайт. Арасында нанай деген байыркы улут дагы бар. Алар азайып бара жаткандыктан кызыл китепке киргизилиптир. Өздөрүнүн нанай тили болсо дагы орусча эле сүйлөшөт. Жаштарынын көбү өз тилин билбейт», - дейт А.Мамбеталиев.

Анын айтымында, иш учурунда ар кандай кызыктуу окуялар болот.

«Бир күнү иш бөлмөмө 70 жаштардагы орус улутундагы пенсионер киши келди. Ал: «Мени дарылап, анан сүннөткө отургузуп берчи» деди. Мен макул болуп, бирок себебин сурасам, "экинчи аял алгым келип жатат. Биринчи аялым 3 жыл мурун кайтыш болгон. Эми үйлөнө турган аялым Дагестандан болот. Ал эгер мусулман болсоң, сага тием деп жатат. Өзү 65 жашта" деп жооп берди. Ошентип ал пенсионердин өтүнүчүн аткарып, медициналык кароодон өткөргөн соң, аны сүннөткө отургузгам», - дейт дарыгер.

А.Мамбеталиев Россиядан билимин жогорулатып, аспирантураны аяктагандан кийин Кыргызстанга барууну пландап жатат. Ал үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×