Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАк-Талаа району 11.03.2019 17:44

Ак-Талаанын Баетов айылындагы баткак көчө калыбына келтирилет, - айыл өкмөт башчысы

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында баткакка айланган З.Ашырбаева көчөсү калыбына келтирилерин айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Буга чейин жергиликтүү тургундар аталган айылдагы Зина Ашырбаева көчөсүнө кеч күздө төгүлгөн топурак аралашкан шагылдан улам учурда жол баткакка айланып калгандыгын, анын кесепетинен жөө адамдар баса албай жатышкандыгын айтып, нааразы болушкан эле.

«Негизи, көчө түз болушу үчүн атайын топурак аралашкан шагыл төккөнбүз. Нак шагыл төккөндө ал жакшы бекибейт. Суу менен кошо агып кете берет. Анын үстүнө оор жүк тартуучу унаалар көмүр тартып бошобой жаткандыктан кеч күздө төгүлгөн. Андан кийин кар жаап, төгүлгөн шагылды толук таптоого мүмкүнчүлүк болбой калган. Муну туура түшүнүш керек. Буюрса жердин тоңу кетсе грейдер менен кайра таптайбыз. Эгер баткак боло турган болсо үстүнө шагыл төгөбүз. Көчөнү өзүм барып көрдүм», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×