Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуКочкор району 11.03.2019 16:18

Элет көйгөйү: Кара-тоолуктар айылга жакын таштанды төгүүчү жай курууну суранышууда (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургундары жергиликтүү бийликтен таштанды төгүүчү жай курууну суранышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл тургундарынын айтымында, таштанды төгүүчү жай жок болгондуктан жашоочулар үйүнүн айласына чуңкур казып же жол жээгине төгүшүүдө.

«Айрымдарыбыз үйүбүздүн айланасына чуңкур казып, таштандыны таштап, кайра көмүп турабыз. Кесиптик техникалык окуу жайдын айланасына да таштанды таштап жатышат. Шамал болгондо оттон чыккан гүл, баштыктар асманга учуп, болгон жерди булгайт», - дейт айыл тургундары.

Буга чейин Кара-Тоо айылында таштанды төгүүчү жай болгон. Бирок азыр ал жакка таштанды төгүүгө уруксат берилбей калган.

«Таштандыга иттер келет. Жаш балдарга оору жугузабы деп коркобуз. Азыркы таштанды төгүүчү жер алыс. Ал жерге айыл жашоочуларынын таштанды жеткизүүгө мүмкүнчүлүгү жок», - деп кошумчалады айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×