Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусу, Нарын 11.03.2019 15:17 На русском

Нарында айрым соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышты. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 11-мартта Нарын шаарынын борбордук Т.Усубалиев атындагы аянтында Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасы тарабынан алынып жаткан соода күркөлөрүнүн ээлери нааразычылыктарын билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нааразычылык акциясына чыккандардын бири — Нарын шаарынын тургуну Бактыгүл Жумабаева соода күркөлөрүн алуу туура эместигин жана жеке ишкерлерди тескерисинче колдоо керек экендигин билдирди.

«Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек экендигин билдирген. Бирок биздин жергиликтүү бийлик ага көңүл бөлбөй жатат. Чындыгында мыйзамсыз коюлган соода күркөлөр көп. Аларды иретке келтирип жаткан мэриянын бул ишин колдойбуз. Бирок жолдун чет жагында тургандарды алып, акыйкатсыздык жаралып жатат», - деди Б.Жумабаева.

Нарын шаарынын дагы бир тургуну Бактыгүл Сартованын жолдошу базар тарапта жайгашкан күркөдө соода кылат. Жакын арада бул күркө да алынары эскертилген.

«Жолдошум соода кылган жерди мурдагы дубан башчысы Өмүрбек Суваналиев чечип берген. Кийин жаңы бийлик келип өзгөрдү. Жаңы базар салынат дешти. Мурунку базар "Чолпон" базары болуп салынды. Биз ага деле макул деп, жаңы салынган базардын жанында соода кылып жатканбыз. Акыркы эки жылдан бери жергиликтүү бийлик үнүбүздү укпай жатат. Болгону мурдагы соода кылган жерибизди гана берип коюшса. Башка деле талабым жок. Бул маселе боюнча президент Сооронбай Шариповичке да кат жөнөткөм», - деди Б.Сартова.

Анын жолдошу 2-топтогу майып.

Ал эми Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары Давид Курманов шаардагы базардын ичинде муниципалдык жерде жайгашкан соода күркөлөрүн алуу боюнча тийиштүү буйруктар чыккандыгын жана жолду кеңейтүү максатында алынып жаткандыгын билдирди.

«Бүгүнкү борбордук аянтта болгон нааразычылыктын себеби, 28-февралда Нарын шаарындагы С.Орозбак жана Шуллер көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашкананы алгандан кийин чыгып жатат. 2014-жылы бул ашкананы алуу боюнча соттун чечими чыккан. Ашкананы алуу боюнча ээсине билдирүүлөр берилген. Өзүм дагы өткөн жылы күз маалында барып айткам. Ушул убакытка чейин албай, кайыр кош мамиле жасап жаткандыктан бул ашкана алынды. Базарда мыйзамсыз, иретсиз жайгашкан соода күркөлөрүн алуудагы негизги максат — Шуллер көчөсү күн жылыгандан тарта асфальтталып баштайт. Аллеясы болот жана арык салынат. Базардагы жолго чыгып кеткен күркөлөр дагы алынат.

Ушул жуманын аягына чейин мыйзамсыз, иретсиз коюлган соода күркөлөрдөн дагы төрт-бешөө алынат. Биз алдырып гана тим болбостон, соода кылууга жер карап көрүңүздөр, ыңгайлуу жер болсо маселени чечип берели деп айтканбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы ишкер басып дагы келген эмес», - деди Д.Курманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×