Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуНарын району 10.03.2019 11:38

Ак-Талаа районундагы 3 айылда айымдар үчүн майрамга карата салтанат уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Кыя жана Баетов айылдарында 8-март майрамына карата кечээ, 9-мартта салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 3 айылда бир катар айымдарга уюштуруучулар тарабынан белек берилип, каалоо-тилектер айтылып, концерт тартууланды.

Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Назира Чыкын кызынын айтымында, аялзатынын майрамына карата жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом каражат бөлүнүп, ага 47 баатыр энеге белектер берилди. Ошондой эле 50 жаштагы апалар «50 жаш жаштын жарымы, 50гө чыккан карыбы?» аталыштагы концерт тартуулашты.

Ал эми Жаңы-Тилек айылынын тургуну Алтынбек Айып уулунун айтымында, бул айылда дагы аялдардын эл аралык күнүнө карата айыл жаштары 2 сааттык концерт тартуулашып, 70 апага гүлдесте сунушту.

Баетов айылындагы аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Чатыркүл Дөнөмбаеванын айтымында, 60 аял мейманга чакырылып, сый көрсөтүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө 7 аялга «Теңир-Тоо айымы» наамы тапшырылса, 18 аялга ардак грамоталар ыйгарылды. Калган аялга белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×