Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуНарын району 08.03.2019 12:42

Нарында айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  6-март күнү Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында 8-мартка карата айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдешке Алыш, Дөбөлү, Куйбышев, Миң-Булак айылдарынан жана Нарын шаарынан болуп жалпы 7 команда катышты. Таймаш айымдарды спорттук иш-чараларга тартуу, дени сак жашоого үндөө жана майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

Жыйынтык:

- 1-орун — А.Тыныбеков командасы;

- 2-орун — Т.Байсалов командасы;

- 3-орун — А.Буйлаш уулу командасы.

Оюндун жыйынтыгында женүүчүлөргө кубок, медаль акчалай сыйлыктар берилсе, мыкты оюнчуларга сыйлоо барактары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×