Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАк-Талаа району 11.03.2019 13:35

50 миңдей аскердин жанын алган концлагерь: К.Абиковду дайынсыз кылган документтин баяны

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынан Улуу Ата Мекендик согушка аттанып кетип, бирок дайынсыз жоголгон Карабай Абиков туткунга түшүп калып каза болгондугун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков аймактык кабарчыга айтып берди.

Ак-Талаа районунун аскер комиссариатынын берген маалымат кагазында Абиков Карабай 1925-жылы Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. 1942-жылы катардагы аскер катары согушка чакырылган. 1942-жылдан баштап дайынсыз жоголгон.

«Бул макаланы жазганыма көп эле болду. Алгач 2013-жылы май айында “Рух кенчи” гезитине жарык көргөн. Бирок эмнегедир макалада сөз болчу жоокердин туугандарына жетпей калдыбы, айтор макала жарык көргөндөн кийин кызыгып сурап койгон жан болгон жок. Балким бул гезит ошол айылга жетпей калган чыгаар... Эми да кеч эместир... 2010-жылдары Баетов айылында жүргөн кезимде Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналып тургузулган эстеликке кайрылып калдым. Бала кезимдеги ушул эстеликтин жанында Жеңиш күнүнө арналган жыйындарда таятам Сейтбаев Турардын, чоң энем Момбекова Мариянын сүйлөп жатканы көз алдымда элестеп турду. Эстеликтин бетиндеги биздин айылдан согушка кетип дайынсыз жоголгондордун тизмеси эмнегедир мени ойго батырды. Себеби, чоң атамдын Ынакбеков Буржу жана Жумабай аттуу бир туугандары да дайынсыз жоголуп кетти деп жүрүп, жакында Буржу атабыз 1942-жылы окко учуп, Ленинград областынын Залучинский районунун Новоселье айылына коюлгандыгы тууралуу Нарын облусунун эскерүү китебине чыкты эле. Буржу атабыз эмнеге дайынсыз жоголгондордун катарына кошулуп калгандыгы тууралуу тастыкталган маалыматтарды электрондук архивдерден казып чыктым эле. Бирок ал тууралуу эмкиде сөз кылайын», - дейт М.Ынакбеков.

Максатбек Ынакбеков: «Тизме менен издеп жатып Абиков Карабай аттуу жердешибиздин маалыматтары мени таң калтырды. “Мемориал” архивиндеги Ак-Талаа районунун аскер комиссариатынын берген маалымат кагазында Абиков Карабай 1925-жылы Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. 1942-жылы катардагы аскер катары согушка чакырылган. 1942-жылдан баштап байланыш жок, дайынсыз жоголгон деп жазылган. Архивди барактап жатып, дагы башка Абиков Караби аттуу бир аскердин маалымат кагаздарын таап алдым. Мунун аты Карабай эмес, Караби болуп жазылып калыптыр. Туулган жери болсо “район Ахалкалаки, Терекса” деп жазылып турат. Эмнегедир бул маалыматтар жогорудагы Карабай менен бир байланышы бар болушу керек деп, маалымат кагаздарын барактай баштадым. Өкүнүчтүүсү “Судьба – Погиб в плену”, “Место захоронения – Берген-Бельзен” деп жазылып турат.

Берген-Бельзен концлагери тууралуу баяндай кетсек. Берген-Бельзен концлагери Төмөнкү Саксониядагы Берген шаары менен Бельзен кыштагынын ортосуна нацисттер тарабынан курулган. Концлагерь 1940-жылы май айында Бельгия жана Франциянын аскер туткундары үчүн Шталаг 311 (нем. Stalag XI-C) катары ачылган. Алгач 600 аскер туткуну кармалган. 1941-жылы июлда 20 миңге жакын СССРдин аскер туткундарын жайгаштырган. 1942-жылы жазында бул аскер туткундарынын 18 миңи ачкачылыктан, сууктан жана ар кандай оорудан кайтыш болушкан. 1945-жылы февраль айында концлагерде тиф эпидемиясы чыгып, абдан оор кырдаалды кечиришкен. Ушул эле жылдын 15-апрелинде Британиянын аскердик күчтөрүнүн 11-дивизиясы аркылуу тирүү калган туткундар боштондукка чыгарылган. Эки жума ичинде боштондукка чыккан аскерлердин 9 миңи, андан кийин май айынын аягына дейре дагы 4 миңи кайтыш болушкан. Жалпысынан алганда 1943-1945-жылдары 50 миңге жакын аскер туткуну өлүмгө учураган экен. Мына ушулардын арасында биздин Карабай атабыз дагы кайтыш болгон тура. Бул кишинин аталаш туугандары эле болбосо, башка туугандары деле жок болсо керек. Анткени, үйлөнө элек кезинде согушка кетип, ошол жактан каза болгон тура», - деди.

Карабай Абиковдун аты кантип Караби, Ак-Талаа району Ахалкалаки болуп калган?

«Документ немис тилинде жазылып, ал жакта “Караби” немисче “Karabi” деп турат. Орусчалаган учурда “i” тамгасы жөн гана “и” болуп жазылып калган. Негизинен бул тамга “ай” деп да окулушу керек. Демек Карабай деген ат немисче туура эле жазылып, орусча транскрипцияда ката кеткен. Ал эми “Ахалкалаки” деген жери да туура эмес которулган. Документте “Axtalakij” деп жазылып турат. Транскрипция учурунда немисче “х” (икс - кс) тамгасын орусча “х” деп которуп, “t” тамгасын кошпой коюшкан, башкача айтканда дээрлик туура эмес жазылган. Бул жерде негизинен “Терекса, Аксталакий” болмок. “Терекса” – Терек, Терексай, Терексуу деген аттарга жакыныраак, “Аксталакий” – Акталинский деген сөзгө жакыныраак угулат. Нацисттер туткунга түшкөн аскердин туулган жерин толук сурап жазмак беле, укканын өз тилине ылайыктап жазып койгон деген божомол келет.

Архивдик маалыматтардын жылдарын салыштыра келсек, Ак-Талаа районунун аскер комиссариатынын берген маалымат кагазында Абиков Карабай 1942-жылы дайынсыз жоголгон деп жазылган, ал эми концлагерден берилген немисче кагазда лагерге келген күн 18-март 1942-жыл деп, дайынсыз жоголгон жана концлагерге түшкөн жыл дал келип жатат. Бирок бардык документтерде туулган жылы дал келбей калды. Ак-Талаа районунун аскер комиссариатынын берген маалымат кагазында “Абиков Карабай 1925-жылы туулган, аскерге 1942-жылы Ак-Талаа районунун аскер комиссариаты аркылуу чакырылган”, концлагерден берилген немисче кагазда “туулган жылы 01.01.1919”, ал эми Нарын облусунун эскерүү китебинде “Абиков Карабай 1910-жылы туулган, 1941-жылы катардагы жоокер. Дайынсыз жоголгон” деп үчөөндө тең үч бөлөк жазылган. Албетте, концлагерден берилген немисче кагазда болжолдоп эле жазылганы байкалып турат. Демек, жогоруда сөз кылгандай “Терекса, Аксталакий” деп жазылганы да укканы боюнча болжолдоп жазылып калганы үчүн, бул жоокер атабыз дайынсыз жоголгондордун катарында калып калган экен», - деп айтып берди М.Ынакбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×