Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуКочкор району 07.03.2019 11:04

Ушак угар менен келинин каткан кайнене: Маалым кат үчүн мончо издеген Шекер апанын окуясы

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургундары Алияс Ташматов менен Шекер Ташматова.

Алияс Ташматов Кочкор районунун Теңдик айылынан чыккан айтылуу олуя Калыгул Бай уулунун урпагы. Таякеси советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Баялы Исакеев болгон. 1929-жылдары орус падышачылыгы тарабынан кулакка тартуу иштери башталган учурда Алиястын атасы Ташматты, энеси Рабияны да кулакка тартып жок кылбасын деп, түн жарымында райондогу Арсы деген айылга көчүрүп жиберишкен. Ошентип Алияс Ташматов 2 жашынан тартып Арсы айылында чоңойгон. Кийин атасы согушка кетип, 1944-жылы каза болгон. Ал эми Алияс ата жашын документке төмөндөтүп жазып, согушка барбай калган. Чоң эне, апасын, карындашын жана инисин багуу түйшүгү Алиястын мойнуна түшкөн.

«Бир үй-бүлөнүн түйшүгү мойнума түштү. Жаман заман болду. Айылдагы байга койчу болдум. Жаздын күнү кар жаап салганда бут кийим жок баса албай, үстүбүздөгү чапанды чечип, бутубузга орой калып кой айдаган күндөр болгон. Чоң энем жүн ийрип, жоолук түйчү. Аны өз энем базарга алып чыгып сатып, бир аптага жеткидей картошка же буудай алып келип жаныбызды бакчубуз», - дейт ал.

Алияс Ташматов менен Шекер Ташматова 1950-жылы баш кошушуп, 10 балалуу болушкан. Шекер апа 1981-жылы «Баатыр эне» төш белгиси менен сыйланган.

«Мен турмушка жаш чыктым. Ал убакта деле милиция кызматкери жаш кызга күч колдонуп үйлөнүп алды деп, соттоп жиберчү. Өзүмдүн туулган жылым 1936-жыл, биз үйлөнгөндө жашымды 5 жашка жогорулатып жаздырып койгонбуз. Ошол бойдон паспортто 1931-жыл деп калып калды. Кайненем кыйын киши болчу. Милиция кызматкери келе жатат деген кеп тараганда эле мени катып койчу. Ал кезде милиционерлер үймө-үй кыдырып, текшерчү эле.

Арсы айылында 1970-жылга чейин жашадык. Кийин Кара-Тоо айылы совхоздошуп жатканда көчүп келип жашап калдык. Биз билим албасак да балдарыбыздын баарын окуттук. Балдарым окууга тапшырарда аларды өзүм жетелеп барам. Жатаканага жаткырайын десем, мончодон маалым кат алып кел дешет. Азыркыдай кадам сайын мончо жок. Орустардан "где баня" деп сурап табам. Балдардын кийим-кечесине кенен жетсин деп, коён, үндүк, өрдөк, каз бакчумун. Иним чайканада иштечү, ал этин сатып берчү. Балдар үчүн тынбай эмгектенип жатып, эми жакшылыгын көрүп жатабыз», - деди ал.

Шекер Ташматова: «Абышкамдын кулагына бала кезинде кызамык чыгып, ал учурда дарыланбай калыптыр. Жашы өйдөлөгөн сайын кулагы укпай калды. 40 жашка чыга электе эле, аппарат менен угуп калган. Мындан 10 жыл илгери райондогу дарыгерге барып, көрсөтүп, майыптуулук боюнча пенсияга чыгаралы десек, "карылыктан укпай калды" деп болбой койду. Жаш күнүнөн эле ошол дарыгерге, кээде Бишкекке чейин барып кулагын дарылатчубуз», - деп кошумчалады.

Алияс Ташматов 92 жашка чыкса, Шекер Ташматова 88 жашка келип калды. 68 жылдан бери чогуу жашап келе жаткан жубайлар 35 небере, 60 чөбөрөлүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×