Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуНарын району 05.03.2019 16:07

Жан-Булакта өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүрдү

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылында райондук прокурордун катышуусунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, мектептеги рэкетчилик, суицид, эрте никеге туруу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мектеп окуучулары жана ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев орто мектебинде өтүп, ага Нарын районунун прокурору Таалайбек Касымбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Ч.Канаталиева жана Нарын РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын капитаны К.Эсенгулова, мектеп жамааты, ата-энелер жана окуучулар катышты. Талкуунун жүрүшүндө жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча дагы түшүндүрүү иштери жүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×