Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуЖумгал району 05.03.2019 14:03

Жумгалда ак калпакчан беш жүздөй адам параддан өтүштү (видео, сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-мартта Жумгал районунун борбору болгон Чаек айылында Ак калпак күнү белгиленип, ага карата уюштурулган майрамдык иш-чара жөө жүрүш менен башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Бул иш-чарага мекеме-ишкана жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер жана мектеп окуучулары катышып, жалпысынан 500дөн ашуун адам параддан өтүштү. Борбордук аянтка жөө жүрүш жасаган ак калпакчан мырзаларды улуттук кийим кийген кыздар ыр-бий менен тосуп алышты. Иш-чаранын башында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Гүлбарчын Исакова сөз сүйлөп, катышуучуларды куттуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×