Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуЖумгал району 04.03.2019 12:12 На русском

Бизнеске айланган аялдамалар: Чаектеги ижарачылар мамлекеттик жерден кантип акча өндүрөт?

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында аялдама куруу үчүн жер алган жарандар аялдаманын ордуна соода-сатык жайларын куруп, бизнестин түрүнө айландырып алышкан. Алардын айыл өкмөткө алды 100 миң сом, арты 30 миң сомдон ашык карыздары бар. Айрымдары ижарага алган жерге курулган соода-сатык жайларын башкаларга ижарага (субаренда) 3000 сомдон 14000 сомго чейин берип, ортодон көп суммада пайда көрүшүүдө.

Чаек айылынын тургуну Сейит Жаанбаев борбордук бөлүктө жайгашкан аялдаманын мыйзамсыз курулгандыгын айтып, анын ээсине чара көрүлүшүн суранууда.

«Ушул аялдама бизге аябай көйгөй болду. Акыркы 10 жылдан бери чекеге чыккан чыйкан болду. Бул башында аялдама болуп курулуп, кийин бир жак бети дүкөн, бир жагы ашкана болуп калган. Кызыл сызыктын үстүнө курулган, алдында арык калган. Мунун ээси Кубанычбек Мамбеталиев, анын жездеси Памир Каримов ошол кезде райондо аким болчу. Анын аркасы менен бир топ жерлерге ээлик кылган. Ал азыр өкмөттө иштейт, Нарын облусу боюнча куратор.

Учурда арык жок. Көчөдөн келген суу биздин дүкөндүн алдына агат. Райондук прокуратурага арыз жазгам, жыйынтык жок. Негизи 2018-жылы апрель айында бузулсун деген акимдин буйругу чыккан. Бирок, улам келген айыл өкмөт башчысы кызматтан кетип, иш бүтпөй келет», - деди С.Жаанбаев.

Чаек айылында мындай аялдамалардан дагы алтоо бар. Мындан улам арыктар көмүлүп, кар ээрип же жамгыр жааганда суулар жөө жүргүнчү өтүүчү жолду каптап, тургундар убайым тартып келишет.

Айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкуловдун берген маалыматына караганда, 40 чарчы метрге аялдама курам деп, ижарага жер алган жарандар Кубанычбек Мамбеталиев, Темирбек Мажиев, Курманжан Өкөнбаева, Назарбек Муктаров, Айсана Исмаилова жана Шейшенбек Касмалиевдер айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн келишимдин милдеттерин так аткарбай, жерге болгон акыны төгүшпөй карыз болуп келишет. Алардын ар бири жыл сайын 3750 сомдон 9000 сомго чейин жерге акы төлөшөт. Ал эми сүт саткан карапайым эл ай сайын 25 чарчы метр (келишимде) жер үчүн 2000 сомдон акы төлөшөт.

Көчөдө сүт саткан пенсионер Чынар Эрмекова: «Сүт сатып турганым үчүн айыл өкмөт ай сайын 2000 сомдон төлөйсүң деп келишим түзүшкөн. Андан тышкары 1500 сомдон дүкөндүн сол капталында турганым үчүн анын ээсине берем. Мындан тышкары ишкерлик кылып жатасың деп салыктан келишкен, мындан улам патент алгам. Ижара акы чыкпай калып жатканынан сүт менен чогуу быйыл пирожки бышырып сатып калдым», - деди.

Буга Чаек айыл өкмөт башчысынын орун басары Айгүл Токтоналиева бул аялдамалар боюнча прокуратурага кайрылганын жана мындан ары мыйзам чегинде иш алып барыларын, аялдамалардын келишимдери бузулуп, тиешелүү процедуралар аткарыларын билдирди.

«Негизи бул аялдамалар боюнча келишим 5 жылдык мөөнөткө түзүлүп келген. Акыркы жолу 2013-жылдан 2018-жылга чейин түзүлгөн. Өткөн жылы келишимдин мөөнөтү бүткөн. Айылдык кеңештин токтому чыгып, анда жердин ижара акысына 700-1000 сомго чейин кошумча каражат кошулган. Мурда К.Мамбеталиев 1 жылга 8300 сом төксө, өткөн жылдан тарта 9000 сомдон төгүп баштоосу каралган. Бирок көбү аялдама боюнча келишимдерин узарткан эмес. Жалгыз гана К.Мамбеталиев 1 жылга узарткан. Себеби, биз 5 жылга узартсак жерди каалагандай пайдаланып, эшик-терезе чыгарып, кошумча жай улап алып жатышат. Ал жагын эске алып 1 жылдык кылып узартканбыз. Бирок келишимдин талаптарын аткарышпай, жер акыны өз убагында төкпөй, 100 миң сомго чейин карыз болуп келишет. Андан тышкары алар өздөрү пайдаланбастан башкаларга ижарага берип бизнеске айландырып жатышат. Мурдагы өкмөттөрдүн убагында күркөлөрдү буздуруу каралып, маселе көтөрүлгөн. Административдик комиссия түзүлүп, жакшы иш алып барып баштаганбыз. Бирок, шайланган айыл өкмөт башчысы улам алмашып жана адистердин жетишпестигинен улам ушуга такалдык. Аялдамаларды чындыгында өз билемдик менен коюп алышкан. Өздөрүнө да билдирүүлөр берилген. Мен бул аялдамалар боюнча прокуратурага кайрылганым чын. Бул маселе боюнча мындан ары мыйзам чегинде иш алып барабыз. Келишимдерин бузуп, кат аркылуу эскертүү берип, калган процедураларды аткарабыз», - деди Токтоналиева.

Курулуштарды буздуруу ишин карай турган Мамлекеттик экотехинспекциясынын Жумгал-Кочкор региондор аралык башкармалыгынын адиси Салкарбек Атамкулов: «Бул курулуштар боюнча өткөн жылдын аягында текшерүү жүргүзүлгөн. Биз буздуралы десек, айыл өкмөттөн дагы 1 жылдык келишимин узартып алыптыр. Биз буза алган жокпуз. Негизи жерди аялдама-дүкөн курам деп алышкан экен. Архитектурада долбоору бар, башында архитектор долбоорун ошентип чийип берген экен. Менде да бар документтери», - деди Атамкулов.

Ал эми Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү бул пикирге кошула албайт.

«Бул аялдамаларга бизден эч кандай документтер берилген эмес, долбоор түзүлгөн жок. Бул аялдамалардын бир да документтери талапка жооп бербейт. Курулуш иштеринде көп кемчиликтер бар», - деди архитектура кызматкери Тыныбек Смадияров.

Чаек айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкулов аялдамалардын ордуна жаңы заманбап аялдамалар орнотула турганын билдирди.

«Бул аялдама-күркөлөрдүн ээлеринин бизге жер ижарасы үчүн карыздары көп, андан сырткары салыкка да көп жылдардан бери төлөм жүргүзүшкөн эмес. Алардын бири К.Мамбеталиевдин учурда 100 миң сомдон ашык карызы болсо, Т.Мажиев 40 миң сомдон ашык карыз. Андан башка аялдамалар да бар. Алардын ээлериники 50-80 миң сомдон карыз деп турат. Келишимдердин талаптары, ижара алган тараптын милдеттери эч кандай аткарылган эмес. Алар бизге 1 жылда бир 3000-9000 сом акы төгүп, бирок ар бир ай сайын башкаларга жогорку баада ижарага берип (субаренда) келишет. Биз учурда бош жерлерди ижарага бергени турабыз. Мурда бир киши гана чечип келген болсо, мындан ары аукцион менен берели деп жатабыз. Азыр дагы 3 бош жерди ижарага беребиз. Каалоочулар айыл өкмөткө кайрылып сынакка катышса болот.

Аялдамаларды буздуруп, учурда ал жайларга жаңы заманбап аялдамаларды куруу иштерин карап жатабыз. Аялдамалар эч качан соода-сатык жайына айланбашы керек жана бизнес кылуунун куралы болбоого тийиш. Азыр жаңы аялдамалардын макеттерин карап жатабыз. Аларды ишке ашыруу үчүн мурдагылар менен келишимди жокко чыгарып же ал жайларды буздуруп өз талаптарыбызды коюшубуз керек болуп жатат», - деди Алымкулов.

Жумгал райондук прокуратурасына бул аялдамалар боюнча арыз келип түшкөн, бирок алар мамэкотехинспекциясына жыйынтык чыгарышын талап кылып жиберишкен.

Мурдагы аким Памир Каримов: «Аялдамалардын биринин ээси Кубан Мамбеталиев менин кайним болгону чындык. Ал илгери эле салынган дүкөн экен. Менин учурумда курулган эмес, ага уруксат берген эмесмин. Менин тиешем да жок. Мен 2005-2007-жылдары Жумгалда аким болгом. Ал өзү чечишип алсын, мен бузба, ал же алба деген сөз болгон эмес. Мен Жумгалдан кеткениме 10 жыл болбодубу. Бул маселе боюнча мага кайрылып да көргөн эмес», - деди ал.

Аялдама ээлеринин пикирлери.

Кубан Мамбеталиев: «Мен 2003-жылы эле жерди ижарага алгам. Ошондон бери аялдамасы бар дүкөн кылып иштетип келебиз. Азыр эки жагынан эшик чыгарганыбыз чындык жана ижарага берип иштетебиз. Чынында келбетин оңдоп-түзөйлү деп жатканбыз. Бирок, айыл өкмөтү 100 миң сомдон ашык карызым бар дептир. Мен анча карыз эмесмин, менин да төлөнгөн деген кагаздарым бар. Барып эсептешем, азыр ооруп жатам. Негизи келишимдеги талаптарды аткарбай жатканыбызды билем. Өткөн жылы 1 жылга узартылган», - деди.

Гүлжан Мусаева: «Менин дүкөнүм МСО аймагында жайгашкан аялдамада. Ижара акыны көбөйтүп жатышат. Буга чейин 2800 сом болчу, бул жылы 6000 сомго көтөрүп салышкан. Келишимдерибиз 5 жылга өткөн жылы июль айында узартылган. Аялдама менин кайын энем Курманжан Өкөнбаеванын наамында, мен келини болом», - деди.

Темирбек Мажиев: «Менин аялдама-күркөм Жумгал РИИБде жайгашкан. Ооба менин карыздарым бар, билем. Аны айыл өкмөтү бузабыз деп жатышат. Аялдаманы 300 миң сомго кургам, аны ким төлөйт. Карыздарымды төлөйм. Сотко берем, сот аркылуу бузушсун. Аялдама талаптарга жооп берет, архитектурасы бар, долбоору, чеги турат. Мурда ошол убактагы архитектор Темирбек Сабыралиев кол койгон. Азыр жаңы архитектор кызыл кызыкка чыккансыңар, талапка жооп бербейт деп айтып жатат. Мен жарым жылдай иштеттим. Андан бери иштеген жок. Бузбаса карызды төлөп берем. Же оңдоп ижарага берейин. Чаек боюнча 8 аялдама-күркө бар, анын баары ижарада, көбүн өздөрү иштетпейт», - деди.

Нагыз Муктаровдун аялдамасы тууралуу жубайы Гүлнара Бекматова жооп берди.

«Биз 1 жылга алдын ала төккөнбүз. Карызыбыз жок, ал жерди бузуп темир контейнер орнотобуз деп жатканбыз. Себеби, айыл өкмөт түбөлүк беришкен эмес да. Келишимдерди узартуу учурунда атам ооруп калып, ортодо айыл өкмөт башчысы жок болуп, улам алмашып "каша" болуп жатты. Жакында эле жолдошум Н.Муктаров каза болуп азыр келишимдерди карай албай жатабыз», - деди Г.Бекматова.

Гүлай Жусупова: «Меники РТС аймагында жайгашкан, биздин жерге карызыбыз жок. Бирок быйылкы жылдыкын төгө элекпиз. Келишимдерибиз 5 жылга узартылган. Аялдамаларды иретке, көрккө келтирүү талап болсо, ошол талапка көнөбүз да», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×