Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуАт-Башы району 04.03.2019 08:50 На русском

Ат-Башыдагы памирлик үй-бүлө жумушка орношту (сүрөт)

Turmush -   Ат-Башы районуна жайгаштырылган памирлик жубайлар иш менен камсыз болуп, от жагып, идиш жууп эмгектенип жатышат. Эми алар 4 баласы үчүн март айынан тарта жөлөк пул ала башташат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жубайлар өздөрү айтып беришти.

Алгач Чар кыштоосуна жайгаштырылган үй-бүлө 31-декабрь күнү Терек-Суу айылына көчүп келишкен. Учурда алар күнүнө 3 саат иштеп, 2400 сомдук эмгек акы алып жатышат. Жолдошу Абибула Маматкул уулу бала бакчада кар күрөп, от жакса, жубайы Карима Кайым кызы ошол эле бала бакчада балдарга тамак берип, идиш жууйт. Алардын ишке киришкенине 10 күн болгон.

Жубайлар 3 уул, 1 кыздын ата-энеси. 1 кыз, 1 уулу ошол эле айылдагы орто мектепте 1-класста билим алып жатышат. Мугалимдеринин айтымында, балдардын кабыл алуусу жакшы эмес. Бирок көңүл коюп, кызыкканы байкалып турат. Ал эми мектепке чейинки курактагы уулдары бала бакчага барышат.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева алардын документтери жаңы даяр болгонун, март айынан баштап 4 балага 4500 сом өлчөмүндө жөлөк пул бериле турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×