Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусу, Нарын 02.03.2019 16:29 На русском

Өзгөчө ысым: Нарындын тургуну 25 тамгадан турган атынын айынан банктан акча ала албай калган (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын шаарынын 28 жаштагы тургуну Нурперизатханбүбүгүлжамал Алмазбекова. Ал ысымына байланыштуу көп окуяларга кабыларын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Нурперизатханбүбүгүлжамал С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин финансы кредит бөлүмүн окуп бүтүргөн.

«Бала кезимден эле жактоочу болууну кыялданчумун. Бирок агам каршы чыгып, башка кесиптин ээси болдум. Окуу жайды 2015-жылы аяктап, 1,5 жыл Нарын шаарындагы банктардын биринде иштедим. Турмушка чыккандан кийин өз кесибим менен иштеген жокмун. Учурда, тактап айтканда 3 жылдан бери чачтарач болуп эмгектенип келем. Азыркы жумушумду абдан жакшы көрөм.

Өзүмдүн 2 байкем бар. Атам үчүнчү наристеси кыз болсо өзгөчө ысым ыйгара турганын айтып, досу менен мелдешиптир. Ошондуктан мени Нурперизатханбүбүгүлжамал деп аташкан экен. Менин атыма уйкаштырып, атамдын инисинин кызына да Айперизатханбүбүгүл деп ат коюшкан» - дейт ал.

Өзүнүн айтымында, ысымы толук поспортко батпай калып, кыскартып жазышкан.

«Башкалар менен таанышканда Нурпери деп эле кыскартып айтып коём. Кээ бир учурларда толук атымды айтсам ишенбей, мелдеше кетип, утулуп калгандар да болот. Орус улутундагы курсташтарым "сенде бардык улуттун аты бар экен, биздики эле жок" деп, атымдын аягына "ира" деп кошуп коюшкан. Ошондой эле алгачкы жолу университетке барганда, чет өлкөлөргө чыкканда паспортумду карап, таң калгандар көп болду. Бир жолу банктан акча ала албай калгам. Себеби атым банк берген баракчага батпай калган эле», - деди ал.

Өзгөчө ысым: Нурперизатханбүбүгүлжандын аты паспортко батпай, кыскартып жазышкан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×