Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 01.03.2019 13:16 На русском

Тагдыр: Жалгыз бой Э.Салбаев аттан жыгылгандан кийин башы калчылдап, 1-топтогу майып болуп калды

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын тургуну Эсентур Салбаев 1-топтогу майып. Ал айыл өкмөттөн, мамлекеттик мекемелерден тиешелүү жардам көрсөтүлбөй жаткандыгына нааразы. Анын өп-чап жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Эсентур Салбаев 1965-жылы Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Украинадан аскердик кызматын өтөп келген. 1989-жылы үйлөнүп, жубайы менен 3 балалуу болушкан. Бирок 1994-жылы колуктусу менен сот аркылуу ажырашып, балдары аялынын колунда калган. Андан кийин үйлөнгөн эмес. Учурда батирде жалгыз жашайт. Теңтуштары тиричилигине каралашып, Нурлан аттуу классташы үйүнөн нан жасап берип турат.

«13 жыл мурун чийне менен чөп тартып бара жатып аттан жыгылгам. Кыймылдай албай, түптүз жатып калгам. Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери эмне болгонумду билбей коюшту. Нарын шаарынын ооруканасынын дарыгерлери дагы жардам бере алышпай, операция боло электе эле 1-топтогу майыптыка чыгарышты. 2 жылдан кийин башым калчылдап калды. Муктар Өмүракунов №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын ортопедия бөлүмүнө жаткырган. Моюнум сынган экен, операция жасашты. 40 күн жаттым. Андан кийин моюнуман белиме чейин гипс коюшту, анда 6 ай жаттым. Учурда 6000 сом пенсия алам. Ал дары-дармекке гана жетет. Акча электр энергиясын төлөө үчүн эле кетип жатат. 1 бөлмөлүү батир үчүн 1 айга эле 8000 сом чыкты», - деди Эсентур мырза.

Уланбек Сокеев майыптарга берилүүчү жардамдар классташы Эсентур Салбаевге берилбей жаткандыгын айтты.

«13 жылдан бери бул адамга дарылануу үчүн жолдомо берилбейт. Өзүм мурда Кызыл жарым ай коомунда иштегем. Майып адамдардын укуктарын жакшы билем, себеби мен дагы майыпмын. 2 жылда бир жолу балдак, бутуна атайын жайкы, кышкы бут кийимдер берилип туруш керек. Андан тышкары суда, майып араба берилиш керек болчу, бирок бериле элек. Айыл өкмөтү тарабынан көмүр жагынан жардам көрсөтүлсө жакшы болмок. Гуманитардык жардам берилбейт. Бул адам бир гана шайлоо убагында гана керек», - деди Уланбек мырза.

Теңтуштары Эсентур Салбаевге айыл өкмөттөн жер бөлүп берүүнү суранышкан. Бирок эч кандай жооп болгон эмес. Жалгыз бой Эсентур мырза кышында жардам катары көмүр дагы алган эмес. Ал акча төлөп сыртта жайгашкан дааратканасын күн алыс тазалатып, окуучу балдарга суу алдыртат.

«Эсентурдун жашоосу кыйын. Кичинекей батирде жашайт. Биз айыл өкмөткө деле кайрылдык. Алар жер бөлүп берсе, классташтары, туугандары биригип 2 бөлмөлүү там салып берели деген оюбуз бар», - деди теңтушу Нурлан Орокеев.

Ал эми райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан тиешелүү чечимдер болсо, Эсентур мырзага керектүү буюмдарды алып берүү толук мүмкүн экендигин билдиришти.

«Эсентур Салбаев агабызга өзүнүн суранычы менен былтыр балдак бергенбиз. Анализ кылдырып, эгерде майып арабага муктаж деген чечим болсо, аны алып берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз жардамыбызды аябайбыз», - деди Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тилек Султангазы уулу.

Ал эми Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Азим Аалиев Э.Салбаев өз убагында электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн көрсөтпөгөндүгү үчүн карызы үстү-үстүнө кошула бергендигин айтты.

«Бул абонент электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн убагында көрсөтпөгөндүгү үчүн өзүнүн пайдаланган электр энергиясынын эсеби көбөйүп кеткен. 2018-жылдын август айынан декабрь айына чейин көрсөткүчтөрүн көрсөткөн эмес. Ошондон бери 5674 кВт чогулуп, 8000 сом чыккан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×