Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуАк-Талаа району 01.03.2019 10:11 На русском

«Урмат байкем дагы үйлөнүппү...»: У.Шарапатовду таксиге долларларын унуткан аял салонуна чакырып турат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылынын 35 жаштагы тургуну Урматбек Шарапатовду көпчүлүк тамашоучу Мурат Жалиевге окшоштурат. Урматбекти аймактык кабарчы кепке тартты.

Шарапатов Урматбек Болотбекович 1984-жылы аталган айылда туулган. Билими орто. Эгиз кыздардын жана 2 уулдун атасы. Учурда мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Мындан тышкары айдоочулук кесипти аркалап, курулуш тармагында да иштейт. Өзүнүн айтымында, ырчылык өнөрү дагы бар.

«Кыш мезгилинде айылга келип, мал чарбамды карап, малымды төлдөтүп багам. Жайкысын балдарым каникулга тараган кезде шаарга барып, курулуш тармагында иштейм. Кээде шаар ичинде жүргүнчөлөрдү ташып эмгектенем. Ал эми кышкысын Баетовдон Нарын шаарына жүргүнчүлөрдү ташып каражат табам. Негизи эле биздин үй-бүлө ырчылык өнөргө жакынбыз. Апам абдан мыкты ырдайт. Бир тууган иним музыка жагынан билим алып, учурда ресторандарда ырдап, тойлордо тамадалык кылып жүрөт. Өзүм сахнага чыгып деле ырдаган эмесмин. Тели-теңтуштардын, туугандардын жакшылык тойлорунда эле ырдап коём. Өткөндө Баетов айылындагы клубда кенже кызматкерлердин кесиптик күнү өтүп, ошол жакта музыка коюп берип жатсам, баары эле бир ырдап койчу дешти. Макул болуп ырдадым. Ошондо биринчи жолу сахнага чыктым. Комуз черткенге жана кыяк тартканга абдан кызыгам. Бирок таптакыр эле үйрөнө албай койдум. Жаш кезде гитара чертип калчумун. Аны деле унутуп калдым окшойт (күлүп)», - деди Урматбек мырза.

Жездесинин бөлөсүн жактырып калып, колун сурап алган өмүрлүк жары менен 10 жылдан бери бирге түтүн булатып келген Урматбек мырза күйөө балалык милдеттерди так аткарып жатам деп ойлойт.

«Мектепти бүтүп, шаарда жездемдин үйүндө жашап калдым. Ал жакта жездемдин бөлөсү дагы жашачу. Анан экөөбүз таанышып, сүйлөшүп жүрүп мамилебиз жакшы болуп кетти. Бир жолу колун сурадым. Ал макулдугун берди. Жаңы күйөө бала болгондордун баарынын эле башынан кызыктуу окуялар өтсө керек.

Жаңы үйлөнгөн кезим. Бир жолу кайын журтума барып калдык. "Кой соёлу" деп калышты. Өзүм ага чейин кой союп деле көргөн эмесмин. Бирок кой сойгондорду көрүп жүргөм. Кыйын болуп койду мууздадым. Терисин сыйрып баштадым. 10 мүнөттөн кийин эле кайненем "ичин жарасыңбы" деп ичеги-карын арткан чараларын көтөрүп келип калды. Мен "азыр жарам" деп коюп, койдун терисин сыйрып жатам. Аңгыча кайнатам да келип, экөө тең мени күтүп жаныма отуруп калышты. Менден болсо көл-шал тер аккан. Ошентип жатып 1 сааттай убакытта араң койду союп бүткөм. Негизи 15-20 мүнөттө эле союп коюшат го. Азыркыга чейин кайын журтум ошол кой сойгонумду айтып күлүп калышат. Ошондон кийин уят болбоюн деп мал сойгонду үйрөнүп алдым. Учурда малын союп, устукан тартып, күйөө балалык милдетти так аткарып жатам деп ойлойм», - деди У.Шарапатов.

Шаар жергесине барып, жүргүнчү ташып иштеген Урматбек мырзаны орус улутундагы айым азыркыга чейин сулуулук салонуна чакырат.

«Айдоочулук ишимде көп эле окуялар болуп келет. Былтыр кышында Бишкектен М.Горький жана К.Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде кетип бара жатсам, бир орус улутундагы аял чымын-куюн болуп эле ар кайсы унааларга чуркап жүрөт. Же аны эч ким албайт. Бир маалда мага келип калды. "Орто-Сайдан таксиге түшүп үйүмө келгем. Бирок үйүмдүн ачкычын, сумкам жана долларларымды таксиге унутуп калыптырмын, алып барып келе аласызбы, бирок жанымда бир сом акчам жок" деди. Мен макул болуп, салып алып жөнөдүм. Жолдо сүйлөшүп баратабыз. Ал аял "нарындыктар кичи пейилсиңер" деп кеп салып отурду. Барчу жерине бардык. Таксист ошол жерде иштейт экен. Тез эле буюмдарын алды. Кайра үйүнө жеткирип койдум. Ошол аял азыр дагы социалдык тармактардан ыраазычылык айтып калат. Сулуулук салон иштетет экен. Шаарга келсең үй-бүлөң менен салонума келип кет деп чакырып калат», - деди таксист.

Урматбек Шарапатов: «Айзат, Гүлзат аттуу эгиз кыздарым бар. Азыр 1-класста окушат. Ысымдарын алмаштырып чакырып алган күндөрүбүз көп эле болууда. Ал тургай мугалимдери дагы алмаштырып эле чакыра беребиз деп калышат. Эгиз кыздарым төрөлгөндөн кийин 5-6 ай болуп калса керек. Ал кезде экөөнү эки манежке жаткырчубуз. Бирөөсү мен жакта, экинчиси келинчегим жакта. Бир жолу кызым ушундай бир ыйлап жатат дейсиң. Уйкусурап манежди терметип эле жатам же басылбайт. Бир убакта келинчегим "эмне үчүн кур манежди терметип жатасың. Кызың бул жакта" деп коёт. Көрсө кызым ыйлап жатса, келинчегим эчак эле аны жанына алыптыр», - деди.

10 жылдан бери бирге түтүн булатып келген жубайлар кайсы иште болбосун бир-бирине колдоо көрсөтүп келишет.

«Негизи эле үйдө "бул сага тиешелүү, бул мага тиешелүү жумуш" деп бөлбөйбүз. Бош болсоң бир-бириңе жардам берип турганга эмне жетсин. Мисалы, келинчегим тамак жасап жатса картошкасын, пиязын аарчып берем. Кир жууп жатса, суусун ташып, суусун төгүп берем дегендей. Бир үй-бүлө болгон соң бир-бириңди угуп жашаган оң го.

Эгиз кыздарым төрөлөрдө келинчегим ооруканага 2-3 ай жатып калды. Ошол учурда улуу балам экөөбүз тамактын түрүн жасап жеп, кирибизди жууп, үйдү жыйнап, тамак жасап алып келинчегиме жеткирип берип эле оокат кылдык. Кыздарым аябай кичинекей болуп төрөлүп калып, вакуумга жаткырылды. Ооруканада баланын жалаяктарын жуудурбайт экен. Күнүгө кыздарымдын жалаяктарын үйгө барып жууп, үтүктөп, кайра алып барып жүрдүм», - деди ал.

Урматбек мырза тамашоучу М.Жалиевге окшоштугу боюнча буларга токтолду.

«Адамдардын түспөлдөшү болот деп коюшат го. Билбейм, мени көпчүлүгү Муратка окшоштура беришет. Шаардан деле көчөдөн тааныбаган эле бирөөлөр көрүп калышса "сени бир жерден көргөндөй болуп жатам" дей беришет. Бир жолу WhatsApp'тагы бир туугандардын тайпасына иним тамашоудагы жигит М.Жалиевдин үйлөнүп жаткандагы сүрөтүн салып жибериптир. Анда, кичинекей ини-карындаштарым "Урмат байке дагы үйлөнүп жатабы" деп баарыбызды күлдүргөн», - деди Урматбек мырза.

Урматбек мырза жогорку билим алам деп шаар жергесине барып, бирок күнүмдүк тапкан каражатка азгырылып окуй албай калгандыгын, «балким музыкалык билим алсам, ырчы болуп калмак белем» деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×