Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуЖумгал району 25.02.2019 12:10

Сүрөт — Жумгалдагы салык башкармалыгы III даражадагы диплом менен сыйланды

Turmush -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгынын 2018-жылдагы аткарган ишиндеги жетишкендиктери жогорку деңгээлдеги алкоого татыган. Салык башкармалыгынын башчысы Октябрь Молдокеев менен Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Райондук салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин киреше бөлүгү уюшкандыкта ийгиликтүү аткарылышы жана салык мыйзамдарынын туура сакталышын камсыз кылуудагы жетишкендиктери үчүн республикадан үчүнчү орунду алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын III даражадагы диплому менен сыйланды.

IMG_3695

- Саламатсызбы, сыйлыгыңыздар кут болсун. Бул сыйлыкка республикадан суурулуп чыкканыңыздарга эмне түрткү болду жана канчалык деңгээлде план-тапшырмаларды аткара алдыңыздар?

- Саламатчылык, рахмат. КРдин салык кодексинин талаптарынын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын эмгек жамаатынын ар бир мүчөсү негизги милдеттерин так аткарып, чыгармачылык жана изденүү менен иштешкендиктен жогорудагыдай ийгиликтер жаралып, эл алдында жүзүбүз жарык.

Мамлекетик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 103,2 пайызга же 199510,0 миң сом план берилип, 205859,1 миң сомго аткарылды, 2017-жылга салыштырмалуу темптин өсүүсү 16,8 пайызды түзүп, 29619,8 миң сомго ашык аткарылды. Ошондой эле республикалык бюджетке түшүүсү салыктардан берилген план 102,9 пайызга жетип, 149962,3 миң сом түшүндүрүлгөн. Ал эми жергиликтүү бюджетке 55896,7 миң сом түшүрүлүп, болжонгон план-тапшырма 103,8 пайызды түздү.

Бул сыйлыктын бизге берилиши жалпы эмгек жааматыбызга абдан чоң кубаныч алып келди. Мындан аркы дагы аткара турган иштерге мыкты стимул болду. Чынында жыл башында максат кылып, мыкты коллектив деген наамга жетели деп, коллективдеги чогулуштарда көп айтып келдик. Ошого жараша ар бир бөлүмдө иш пландарды иштеп чыгып, туура багытта кеңешүү менен жыл башынан иш жүргүзүлө баштады. Ар бир салыктын түрүн анализдеп, салыктын түрлөрүнөн салык субъектилерин инвентаризациялоо өзүнүн жакшы эффектисин берди.

- Айыл чарба багытындагы жер салыктары менен жеке ишкердүүлүк жүргүзгөн жарандардын ыктыярдуу салыктары кандай жүрүп жатат?

- Айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын 5 айыл өкмөтүндө эки эсе көтөрүүгө жетиштик. Ушул жүргүзүлгөн инвентаризациянын натыйжасында айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынан темптин өсүүсү 51,2 пайызды түздү же 2017-жылы 1720,7 миң сомго аткарылса, 2018-жылда 2602,1 миң сомго аткарылды. Жеке ишкердүүлүк жүргүзгөн жарандарыбыз тарабынан ишкердүүлүктүн түрүнө жараша ыктыярдуу патент менен иштөөдө 2934,0 миң сом план коюлуп 3521,8 миң сомго аткарылды. Темптин өсүүсү 21,1 пайызды түздү. Бул жаатта башкармалык тарабынан жылдын ичинде бир нече ирет түзүлгөн иш-чаранын негизинде инспекторлор рейддик текшерүүлөргө чыгып, салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлгө алып келди. Ошондой эле Чаек айылындагы бир топ ири соода түйүндөрүнө хронометраж жүргүзүлүп, салыктары бир нече эсеге чейин көтөрүлгөндөрү болду.

- Салык төкпөй карыз болгон жарандарга кандай чаралар көрүлдү?

- Салык карыздарын өндүрүү иштеринде дагы оңой болгон жок. «Баарын кадрлар чечет» дегендей бул бөлүмдө дагы иштер туура багытта коюлду. Бөлүмдөрдүн жетекчиси алмашылып, жаңы күч менен берилген тапшырмаларды аткарууда жакшы иштер жүрдү. Салыгын төкпөй, мойну жар бербей жүргөн жарандарыбыз дагы жок эмес. Ошол салыгын төлөбөй жүргөндөргө ар бирине жетип, салык өндүрүү процесстери тынымсыз жүрүп турат. Айып салынгандары дагы аз эмес. Салык төлөмдөрү учурунда төлөбөгөндөргө жыл ичинде 882 салык чечими чыгып, 22950,0 миң сом мажбурлоо жолу менен төлөтүлдү. 24 салык төлөөчүнүн банктын эсептерине салык төлөө талаптары коюлуп, 7824,2 миң сом банктык эсебинен өндүрүлдү. Ошондой эле салык төлөөдөн баш тарткан 7 субьект салык төлөөсү боюнча сот органдарына берилди.

Ал эми башкармалыктын кирешелердин эсебин алууда бөлүмдүн ичинде салык төлөөчүлөрдү каттоого алуу, каттоодо жок жактарды каттоого тартуу, кайра каттоо, издөө иштеринен баштап салык төлөөчүлөрдүн салыктарын тактап, бет эсептерине алып баруу, казына бөлүмү менен күнүгө түшкөн кирешелерди эсептеп, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыктары менен иш жүргүзүлүп, жогорку органдарга маалымат берип туруу, салык отчетторун, маалыматтык эсептерин жана декларацияларды кабыл алып базага киргизүү, ар бир салык төлөөчү менен акт сверка түзүп такташуу, кийинки айдын жылдык божомол планын иштеп чыгуу, айыл өкмөттөргө ай сайын план жеткирүү менен планга жетишпеген айыл өкмөттөрүн жеринен салык чогултууга жардам көрсөтүү, салык машинасынын кубаттуу, жакшы иштешине ар тараптуу анализдерди жүргүзүп, көптөгөн жумуштарды аткарышат.

- Мындан тышкары Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде кышка даярдык көрүүгө, уурдап сатууларга, салык мыйзамдарын бузууларга жол бербөө максатында, Кара-Кече өрөөнүндө салык посту ачылып, ал жерде патент алуу пунктун уюштурдук. Көмүр тарткан айдоочуларды райондун борборуна жана салык башкармалыгына жиберип убара кылбай жеринен тейлеп, ыңгайлуу шарт түзүп, ошол жолдун боюнан патентин алып, салыгын төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк түздүк.

- Көмүр тарткан унаалардын ээлери же көмүр тартып, сатып иштегендер патент алышабы?

- Көмүр тарткан ишкерлерби же айдоочулар дейбизби патент алууда ушунчалык салыктан качкан адаттары калбай келүүдө. Кудайга шүгүр иштеп келишет. Коом оңолуп жатат, экономикада өсүш бар, элдин пейили оңолууда. Мына ар бир айылды карасак инфраструктуралар жаңырып, эски имараттар капиталдык ремонттон өтүп, ички жолдорго гранттар келе баштады. Эми ушул көмүр тартып, жакшы пайда таап жаткан жарандарыбыздын дагы пейили оңолот деген үмүттөбүз.

- КРдин Каржы министрлиги тарабынан берилген пландуу тапшырмаларды өз убагында аткарууда мүчүлүштүктөр жокпу?

- Салык ишине кирип түшүнсө өтө жоопкерчиликтүү, көп кырдуу, жаны тынбаган иштин бир күнү бир күнгө окшошпойт. Жогорку жактан келген көрсөтмө буйруктарды, шашылыш телефонограммаларды аткарууда айрым учурда чуркап иштеп калабыз. Бирок ошончо жоопкерчиликти сезгенде чарчаганын унутулуп калган учурлар болот. Айрым учурда айдын аягында план оор болуп жаныбызды коерго жер таппай калабыз. Сөздүн кезеги келгенде айтып кетейинчи, Каржы министрлиги тарабынан айрым салыктын түрүнөн ашыкча божомол коюп, бир нече ирет планга каршы пикирлерди жиберсек дагы каралбай калууда. Эми бул жерде сөз сатуудан алынуучу салыкта болуп жатат. Салык кодексинин 319-беренеси менен накталай эмес акча жүгүртүүдө 0 пайыздык салык алынуусу киргени, бул салыктын түшүүсү кескин төмөндөп, бирок Каржы министринин болжомол планы эч өзгөрбөй келүүдө.

- Иштериңиздердеги жетишкендиктердин аркасы менен жамаатта артыкчылык алгандар, сыйлоого арзыгандар болдубу?

- Кыргызда сөз бар эмеспи «ынтымак ийгиликтин башаты» деген. Чынында ушул эмгек жамаатынын ынтымагынын жана талыкпаган эмгегинин аркасында 2018-жылы көп жетишкендиктер болду. Айта кетсек, жылдын ичинде бир кызматкерибиз, башкы инспектор У.Бакирдинов «Салык кызматынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Иш кагазын алып баруучу эң улуу, сулуу эжебиз Жамикат Мураталиева Мамлекеттик салык кызматынын ардак грамотасын алды. Бөлүм башчы Н.Исакова, ага инспекторлор Д.Майчиев, Н.Эсеналиевдер Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасына татыктуу болушту. Ошондой эле кезектеги класстык чиндер жети кызматкерге берилип, бардыгы форма кийүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Аны менен бирге коомчулук иштерине жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюшулган социалдык иш-чараларга активдүү катышып келүүдөбүз. Мындан тышкары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жардамга муктаж болгон адамдарга коллективдин ар бир мүчөсү өз салымдарын кошуп, жардамдарын берип келет.

- Коомчулукка жана кыргыз элине каалооңуз?

- Өлкөбүз тынчтыкта жашасын, мекенибиз, жаратылышыбыз, элибиз бөөдө кырсыктан алыс болсун. Ар бир үйдө ынтымак, ырашкерлик өкүм сүрүп, элдер ынтымакта күн кечиришсин. Мекенибизди коргогон ар бир эр азамат, кыз-келиндерибиз эл үчүн ак эмгектерин аябай кызмат өтөй беришсин. Сиздерге да терең ыраазычылык.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×