Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусу, Нарын 20.02.2019 09:15

 Гүлгакы Абдуллаева Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын жетекчиси болду

Turmush -  Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын жетекчиси болуп Гүлгакы Абдуллаева Калмаматовна дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Г.Абдуллаева 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. 1995-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган. Жалал-Абаддан жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жогорку билим алган. 2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

2006-жылдан баштап Юстиция министрлигинде иштеп баштаган. Бул жылдар аралыгында адис, жетектөөчү жана башкы адистик кызматтарын аркалаган. Ошондой эле, Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү башкармалыгында башкы адис кызматында эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун энеси.

Сыйлыктары:

Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик кадр кызматынын ардак грамотасы, Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» төш белгисинин жана Юстиция министрлигинин 3-даражадагы «Эмгек сиңирген эмгек үчүн» медалынын ээси. Биринчи класстагы юрист.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×