Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Нарын облусуЖумгал району 26.02.2019 10:44 На русском

Полу жок үй, күйөөдөн качкан келин — Кадыркуловдун үй-бүлөсүнүн үрөй учурган жашоо шарттары. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын 53 жаштагы тургуну Элмира Кадыркулова көзү көрбөсө да жашоого шүгүр кылып жашайт. Ал учурда үй-бүлөсү менен айылдагы кампанын кароолчусу жашаган эски, полу жок, 2 бөлмөлүү үйдө күн кечирип келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул үй-бүлөнүн жашоо турмушун көрүп келди.

Элмира апа учурда төшөктө, көздөрү көрбөсө да акыл-эси жайында. Ал 3 эркек, 2 кызды багып чоңойткон. Кайын атасы эркек баласынын бирин багып алган. 7 небереси бар. Ал эми өзүнүн бир баласы колунда, 7-класста окуйт. Бир кызы мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүп, бирок каражаттын жоктугунан жогорку окуу жайга барган эмес. Кийим тигүү цехинде иштеп жүрүп, Чоң-Дөбө айылындагы тургунга турмушка чыккан. Жолдошу Качкын Сасыкулов быйыл 63 жашка толот.

Ал мектепте тазалоочу болуп 20 жыл иштеген.

«Балам, кызым келип турат. Көзүм көргөн учурда баарын өзүм жасачумун. 7-класста окуган, 2005-жылы туулган балам бар. Ал балама деле өкмөт жөлөк пул чектеп бериши керек эле. Ага бир жылдары жөлөк пул чыгарышып, кийин ар кандай шылтоо менен токтотуп коюшкан. Үйдө абышкам экөөбүз, бир кызым Таласка келин болгон. Күйөөсү менен таарынышып кайтып келди, кызы менен турат. Калган 2 баласы күйөөсүндө калган. Бирок аларды балдар үйүнө беришти деп угуп жатам. Кызым эки баласын аргасыздан таштаптыр. Балдар Бишкектеги балдар үйүндө дешет, кайсы жерде экенин билбейм.

Кызым өткөн жылы 3 баласы менен Бишкекке барганда ага бир киши жардам жана жумуш берем деген экен. Ал балдарыңа туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берем деп паспортун алыптыр. Ал документин эми бербей жатат. Кызым азыр паспорту жок жүрөт, кызы 1-класста окуп жатат, анын да күбөлүгү жок. Күйөөсү экөөнүн үйлөнгөндүгү тууралуу документи жок. Мындан улам кызына күбөлүк ала албай жүрөт. Кызыма жардам берем деп иштеткен киши аны уруп, кубалап жолго салыптыр. Бул кызымды бир тууган иним шаардан алып келди. Эми ушу кызыма жумуш издеп жатам. Өзүм майыптуулугум боюнча пенсия алам», - деди Э.Кадыркулова.

Ал мектепте тазалоочу болуп 20 жыл иштеген.

«Абышкам жазда 63 жашка чыгат. Пенсияга чыга элек. Акимге чейин киргем, аким өзүбүздүн балабыз, ушул айылдан. Күйөөмө пенсия чыкпайт экен, себеби бизде 1,5 га жер бар. Ошонун салыгын соцфондго төккүлө дешти. "Менин жашоомду көрүп жатпайсыңарбы, кантип төлөйбүз?" десем, айыл өкмөттүн адиси жок дегенде 10 миң сом төккүлө деген. Акимге киргенде баарын өзүм бүтүрөм, жардам беришет деп айткан. Бирок жыйынтык жок. Күйөөмдүн паспортун Айганыш деген активист эже "мен жардам берем, пенсиясын чыгартабыз" деп алып кетип дайыны жок. Айыл өкмөткө канча бардым же булары укпайт. Көмүрдөн жардам беришет, былтыр ун, майдан жардам кылышты. Андан бөлөк жардам деле жок. Абышкама пенсияны өлгөндө чегерип беришет го, бирок аяктан пенсиянын эмне кереги бар. Булар ушундай шылтоо таба беришет. Бир аз ушундай абалга келип калган кишини карашпайт, чуркап койгон адамдарды гана карашат. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн эркек кишиге кереги жок дегенге болушпайт. Өздөрү мыйзам чыгарып, карапайым элге күлө беришет», - деди ал.

Качкын Сасыкулов эл катары пенсия алып жашасам деп үмүт кылып келет.

«Мен илгери колхоздо сугатчы болчумун, сарайда мал бакчумун. Кырманда иштедим, кароолчу болдум, чөп чогултуп, чаап иштегем. Мен курактуу, мага окшошкон кишинин баары эле пенсия алып жүрүшөт. Жашооң начар болсо, тилиң кыска болсо ушу турбайбы», - дейт Сасыкулов.

Ээн калып тонолуп, талкаланып кеткен кампанын жанындагы эски, шарты жок үйдө күн кечирген бул үй-бүлө аталган үйдү арыз жазып отуруп, союз мезгилинде алышкан. Ал үй урап, жарактан чыккан соң жанына 2 бөлмөлүү үйдү курушкан. Учурда ичинде жалгыз меш бар, полу жок.

Үй-бүлөнүн Таластагы тургунга турмушка чыккан кызы Кызылкүл күйөөсүнөн запкы жеп, акыры качып кутулганын айтып берди.

«Күйөөм ичет, тынчтык бербейт, мас болуп сабап, тепкилейт. Эшикти бекитип алып сабачу. Балдарым 5-7 жашта болчу. Улуу кызым 9 жашта. Балдарыма жөлөк пул алчу эмесмин. Таласта мал бакчубуз. Урушуп Бишкекке келгем. Андан кызым экөөбүз бул жерге келдим. А, балдарым күйөөмдө калган. Аларды балдар үйүнө өткөрүшүптүр деп уктум», - деди Кызылкүл.

1-класстагы кызы Жазира учурда жалаң «5» деген баага окуйт. Аны таенеси мектепке сүйлөшүп киргизген. Ал болочокто дарыгер болууну самайт.

Байзак айылынын социалдык кызматкери Дария Байтемирова Качкын Сасыкуловдун пенсияга чыга албай жатканынын себеби керектүү документтердин жоктугу менен түшүндүрүп, бирок жардам берерин билдирди.

«Бул үй-бүлө бизге кайрылышкан эмес. Паспорту менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болчу. Анан да жерлери бар экен. Кандай жер болбосун баары бир жер үчүн салыкты соцфондго төлөшү керек. Баары мыйзам чегинде болушу абзел. Ошондуктан биздин колдон жардам келбейт, бул маселени соцфонддун адистери карайт. Документтерде мүчүлүштүктөр болуп пенсия чыкпай жатпайбы», - деди Д.Байтемирова.

Жумгал райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Бактыбек Жапаров: «Э.Кадыркулова майыптуулугу боюнча 2010-жылы 22-августта пенсияга чыккан. Ал учурда 6224 сом алат. Ал эми абышкасы К.Сасыкуловдун наамында 1,5 га сугат жер деп жүрөт. Документин карап, жардам берели дедик. Азыр жеңилдик менен 10 000 сом эмес, 7583 сом деп эсептеп бердик. Ушуну төлөсө эле пенсия чыгат. Бул адам пенсияга чыгыш үчүн балдарынын документтеринин кереги жок. Жер китептин күбөлүгү, мамкаттоодон форма №4, паспорт, эгер иштесе эмгек китепчеси жана архивден маалымкат керек. Эгер иштебесе кереги жок. Аскердик күбөлүгү керек», - деди ал.

Айылдык кеңештин депутаттары жана активисттер өкмөт тарабынан улгайган адамдарга жана жашоо турмушу оор жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүлбөй, 2 жылдан бери Качкын Сасыкуловго пенсия чегерилбей жатканына нааразы пикирин билдиришти.

Бул үй-бүлө тууралуу Жумгал райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Аида Бектурганова: «Булар Байзак айыл аймагында жашаган өтө жакыр үй-бүлө. Аялы Элмира Кадыркулова 1-топтогу майып, көздөрү көрбөйт. Айыл өкмөтү тарабынан дайыма бул үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлүп келет. Материалдык, акчалай жардам берилип, кышка карата көмүр менен камсыздалат.

2005-жылкы баласына мурдагы мыйзам менен пенсия берилип, бирок үй-бүлөнүн кирешеси эсептелип, жөлөк пул чектелген эмес. Азыркы учурда бул бала үйүндө жашаганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан бир тууган таякесинин үйүндө туруп, мектепте окуйт. Анткени ата-энеси ашыкча спирт ичимдиктерин ичишет. Азыркы учурда турмушка чыккан бир кызы жолдошу менен чатакташып, 1-класста окуган кызы менен ата-энесинин үйүндө жашап жатат. 1990-жылы туулган уулу бар. Ал балага дагы спирт ичимдигин ичкенди үйрөтүп салышкан. Үйүндө турмуштан ажырашып келген кызына дагы тынчтык жок болгондуктан, ал кичинекей кызын ээрчитип алып үйүнөн кечкисин качып кетет. Бул кыз 2017-жылы дагы жолдошу менен чатакташып, 3 баласы менен Таластан Жумгалга качып келген. 3 баласынын тең туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. Бул балдарга айыл өкмөтүнүн жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистеринин жардамы менен туулгандыгы тууралуу маалым каттар Таластан алынып келген. Мындан ары туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн мен алып берем деп, Түгөл-Сай айылында жашаган таежеси келинди балдары менен алып кетип, андан ары Таласка жолдошуна кетирип жиберген. Ал жактан балдарына алынган маалым каттарды жана өзүнүн паспортун жоготуп жиберип, жолдошу менен кайра чатакташып, эки баласын таштап, бир кызы менен Жумгалга келе берген», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.94% (107)
«Банк Компаньон»
19.42% (40)
«РСК Банк»
11.65% (24)
...
Всего голосов: 206
×