Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 14.02.2019 18:45

Ат-Башы акимчилигине жаңы башкы адис келди

Turmush -  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башкы адиси Азат Ражапбаевдин ордуна Канатбек Үмөталиев келди.

Маалым болгондой, Канатбек Үмөталиев буга чейин аталган райондогу Ак-Моюн айыл өкмөтүндө жооптуу катчы кызматында эмгектенип келген. 2019-жылдын 6-февралында ротация жолу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына башкы адистик кызматына которулган.

Үмөталиев Канатбек Жусупович 1981-жылы Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында туулган. 1988-жылы Бирлик айылындагы Кызыл-Күч орто мектебине 1-класска кирип, аны 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине окууга өткөн. 2003-жылы бул окуу жайдан биология предмети боюнча окутуучу адистигин алган жана ушул эле адистик боюнча кошумча экология квалификациясы дипломуна ээ болгон.

2003-2004-окуу жылында Ат-Башы районундагы Ж.Шералиев атындагы орто мектебинде 1 жылдык убактылуу келишимдин негизинде Ак-Моюн айыл өкмөтүндө биология предмети боюнча мугалим болуп иштеген. 2004-жылдан баштап Нарын мамлекеттик университетине жумушка кирген. 2004-2008-окуу жылдары Биология жана химия кафедрасында ага-лаборант, 2006-2008-окуу жылдары агрардык-техникалык факультетинин экология жана агрардык технологиялар кафедрасында окутуучу болуп иштеген. 2004-жылдын 14-декабрында Нарын мамлекеттик университетинин окуу методикалык кеңешинин чечими менен аспирантура бөлүмүнө изденүүчү болуп кабыл алынган. Кандидаттык 2 минимумду, философиядан жана информатикадан тапшырган.

2008-2009-окуу жылында Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан К.Мамбеталиев атындагы орто мектепке директордун тарбия иштери боюнча орун басары болгон. 2009-2010-окуу жылында К.Мамбеталиев мектебинен Бирлик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебине география сабагынан мугалим болуп которулуп иштеген. 2010-жылы май айында география предмети боюнча мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо өздөштүрүүнүн негизинде категорияны жогорулатуу боюнча сунуштамага ээ болгон.

2011-жылдын 8-октябрында Ат-Башы районунда мугалимдердин кесиптик майрамына карата «Үзүрлүү эмгек үчүн» деген райононун грамотасын алган.

2012-жылдын январь айында Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин алдында уюшулган профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде курстан билимин жогорулатып, февраль, март, апрель айларында С.Мурзакматов атындагы Бирлик орто мектебине компьютерди колдонуу ыкмалары боюнча курс ачып, андан 30 окуучуну, 10 мугалимди окуткан.

Бирлик айылындагы №4025 участкалык шайлоо комиссиясында үч жолку шайлоодо катчы, бир жолку шайлоодо төрага болуп иштеген.

2012-жылдын 28-декабрында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жооптуу катчылык кызматына өткөрүлгөн сынакка катышып, Ак-Моюн айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×