Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Баракелде, Бишкек 11.02.2019 17:15 На русском

Шампунь менен чай жасаган компания «крышаларына» чалып баштады, - депутат

Turmush -  Кыргызстандагы мамлекеттик органдар өз милдеттерин так аткарбайт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, депутат Иса Өмүркуловго (КСДП) Кыргызстандын аймагында бир компаниянын шампундарды кандай шарттарда чыгарып жатканын видео аркылуу көрсөтүшкөн.

«Мен ачык эле айтайын. Бул бир ири мамлекеттин инвестору. Ал Кыргызстандын аймагынан жерге ээлик кылып, баарына белгилүү шампунь жана чайды кандай шартта чыгарып жатканы түшүнүксүз. Мамлекеттик экотехинспекция кайда карап жатат», - деди депутат.

Депутат белгилегендей, видеодо челектерге шампунду куюп, анын артынан эле чайды куюп жатканы көрүнөт. Ал эми челектер аябай кир абалда турат.

«Силер булардын баары кандай абалда чыгарылып жаткандыгын, челектин абалын көрсөңөр болмок. Ал жакка шампунь Франциядан чыгат деп дагы жазып коюшуптур. Ишенбесеңер видеону көрсөтөйүн. Бул чайды ичкендердин ашказаны эмне болот? Шампунь менен жуунгандардын баштары эмне болот? Тиешелүү органдын балдары текшерүүгө келишсе, дароо өздөрүнүн «крышаларына» чалып башташты», - деди депутат Ч.Турсунбеков өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×