Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуЖумгал району 11.02.2019 15:51 На русском

Көмүр ташыган «УАЗ» унаасын меш орнотуп, от жагып айдаган Тотубай ата. Видео

Turmush -  Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну Доктурбек Бейшеев 60 жашка чамалап калса дагы өзүнүн союз мезгилинен калган «УАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен көмүр ташып иштейт. Ал кышында үшүбөш үчүн унаасына атайын темирден меш коюп алган. Көмүр ташып жатканда кадимкидей от жагып айдап жүрө берет. Аксакалдын от жагып алып айдаган унаасын блоггер Света Байтикова тартып алган.

Доктурбек Бейшеевдин айылдаштары жана теңтуштары аны Тотубай дешет. Ал 1961-жылы туулган. Акыркы 3 жылдан бери көмүр ташып иштейт.

«Унаама мешти үшүбөш үчүн өзүм ойлоп таап жасагам. Жумушка чыккан сайын көмүрдөн от жагып турам. Кадимкидей эле үйгө от жаккандай. Жеңил унаа катары ушул "УАЗ" менен көмүр ташып иштейм. Кезек күтүп калганда жылуу отурабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×