Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Дүйнө 11.02.2019 13:43

Президент Сооронбай Жээнбеков Иран элин куттуктады

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

«Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделет деп терең ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылыкты жана өркүндөөнү каалайм!», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×