Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 12.02.2019 10:04 На русском

Айдоочунун мойну омкорулуп, омурткалары сынганы көрүнүп калган. Универсал фельдшер Н.Акунова күбө болгон окуялар

Turmush -  19 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Назгүл Акунова универсал болууга үйрөнгөн. Себеби, Ат-Башыдагы тез жардам кызматын көрсөтүүчү топтогу фельдшерлер чакырууларга дарыгер жок барышып, бардык учурда адамдарга жардам көрсөтүү аракетин көрүшөт. Аймактык кабарчы фельдшердин эмгек жолу менен таанышты.


Назгүл Акунова 1971-жылы 16-октябрда Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ата-энеси финансист болгондуктан алардын жолун жолдойм деп ойлочу. Бирок орто мектепти аяктагандан кийин дарыкананын кассасында иштеп калып, бул тармакка болгон кызыгуусу күчөгөнүн айтат.

Кийин Нарын шаарындагы медициналык окуу жайды аяктап, 1995-жылы Ат-Башы райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн эмгек жолун баштаган. Учурда Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүндө фельдшер болуп эмгектенип жатат.

«1995-жылдан баштап төрөт бөлүмүндө иштеп калдым. Орто жолдо кыскартуу болуп, башка бөлүмдөрдө дагы иштедим. Кийин туруктуу жумуш чыгып, тез жардам бөлүмүнө которулгам. Алгач тез жардам бөлүмүндө иштешиме атам каршы болуп, жумушу оор деп ойлоду. Бирок мен өзүмө ишенип иштеп келе жатам.

Ат-Башынын тез жардам бөлүмүндө дарыгер жок, фельдшерлер эле иштейбиз. Жалпы 4 фельдшер бар. Жумушубуз жакшы, кызыктуу, ар кандай оору менен кайрылышат. Тез жардам акысыз болгонгобу, ар ким ар кандай сөздөрдү айта беришет», - деди фельдшер.

Жумуш учурундагы коркунучтуу окуяларды да айтып берди.

«Чакырууларда ар кандай окуялар болот. Салондун ичинде төрөгөндөр да болгон. Ар кандай кырсыктар катталат. Коркунучтуу бир окуя болду эле. Ак-Муз жана Ак-Моюн айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгон. 6 жыл мурун кечинде чакыруу түшүп, айтылган дарекке барсак унаа тескерисинен кулап калыптыр. Ал эми айдоочунун мойну омкорулуп, сынганы даана көрүнүп турат. Башы ылдыйды, буттары өйдө жакты карап, унаанын ичинен чыкпай жатып калыптыр. Ал унаада жалгыз бара жаткан айдоочу ошол эле жерден көз жумган. Омурткалары кандай сынганы көрүнүп калган.

Дагы бир ирет Ат-Башынын көпүрөсү жактан жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түштү. Ал жактан унаанын ичиндеги киши 100 км алыста жатканын көрдүк. Ал дагы ошол жерден каза болгон. Унаа дагы тоголонуп кетиптир. Кудай сактап, ичиндеги 1 адам аман калган экен.

Бизде 1 гана унаа бар. Ал эми эл шашкан адамга көп убакыт өткөн сыяктуу болуп, "эмне үчүн кеч келдиңер?" деп айтышат. Кургак учуктан тарта сасык тумоо менен жабыркаган бейтаптарга чейин барабыз. Ушул кесипти аркалаганыма ыраазымын», - деп айтып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×