Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуКочкор району 11.02.2019 11:07

Кочкордо жергиликтүү кеңештин депутаттары волейболдо мелдешти (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын президиумунун төрагасы Курткаев Таалай Исмаиловичтин жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Турнир Кара-Суу айылдык кеңеши тарабынан уюшулуп, Кочкор районундагы 11 айылдык кеңештеринин депутаттарынын ортосунда өткөрүлдү. Эскерүү турнирдин алдында Таалай Курткаевдин тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору, кызматташ адамдары эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп жана анын арбагына багышталып куран окулду.

Оюн кызыктуу жүрүп, 1-орунду Чолпон айылдык кеңешинин депутаттары ээлеп, 1-даражадагы диплом, кубок жана 10 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. 2-орунга Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттары чыгып, 8 000 сом акчалай сыйлык, 2-даражадагы диплом, 3-орунга Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары жетишип, 5000 сом акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты. Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары 4-орунду, Соң-Көл айылдык кеңешинин депутаттары 5-орунду, Талаа-Булак айылдык кеңешинин депутаттары 6-орунду камсыздап, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Курткаев Таалай Исмаилович 2008-жылдан ушул күнгө чейин Кара-Суу айылдык кеңешинде үч жолку чакырылыштын (4-5-6) депутаты болуп шайланып, депутаттардын колдоосу менен айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×