Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2019 11:05

Жумгалдын Чаек айылында 124 жолбун ит атылды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында 124 жолбун ит атылып жок кылынды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Рустам Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы 200 итти атуу пландалган. Жергиликтүү бюджеттен карышкыр, ит, чөөлөрдү жок кылууга жалпы 50 миң сом каралса, учурда анын 30 миң сому бөлүндү. Өткөн жылдан калган 5 миң сом менен жолбун иттерди атууга жалпы 35 миң сом жумшалды. Калган каражатка карышкыр жана чөөлөр атылат.

Айылда 2017-жылы 73, ал эми 2018-жылы 80 жолбун ит атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×