Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуНарын району 08.02.2019 23:01

Нарын районунун айылдарында жаңы кодекстер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Мин-Булак, Куйбышев, Өрнөк, Эчки-Башы, Оттук, Лахол, Жер-Көчкү, Эмгекчил айылдарынын тургундарынын катышуусунда өткөн элдик жыйындарда 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирип, колдонула баштаган жаңы кодекстер боюнча Нарын райондук прокуратурасы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаңы кабыл алынган кодекстердин негизги максаттары, принциптери, анда киргизилген жаңы түшүнүктөр жөнүндө маалымат берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Нарын райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы мыйзамдар менен колдонууга киргизилген кээ бир жазалардын күчөтүлгөндүгү — бул тартипке чакыруу үчүн, анын ичинде коомдук жайларда жана жолдордо эрежелерди сактабагандарга карата колдонула тургандыгы, бүгүнкү күндө адамдын өлүмү, жаракат алуусу менен коштолгон жол кырсыктары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу экендиги түшүндүрүлдү. Мындан тышкары Бузуулар жөнүндөгү кодекстин талаптары коррупцияны жоюу максатында жөнөкөйлөштүрүлгөндүгү (протокол түзүү, айып пулду жеринде терминал аркылуу жана банктык карточкалар менен төлөө) белгиленди. Айыл өкмөт башчыларына жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча мындан ары дагы элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу жана айып пулдар Бузуулар кодексине ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын комиссиялары тарабынан карала тургандыгы айтылды. Айып пулдар Бузуулар кодексинин 27-беренесинде көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелери жаңы кабыл алынган Жоруктар жөнүндөгү кодекске киргизилгендиги, айырмачылыгы Жоруктар кодексинде жазанын түрлөрү катары коомдук жумуштар, эркиндигин чектөө, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу, түзөтүү жумуштары, айып пул сыяктуу жазалар каралгандыгы, ал эми эркиндигинен ажыратуу каралбагандыгы айтылды.
Ошондой эле жаңы кабыл алынган кодекстерде пробация, кызматташуу, күнөөнү мойнуна алуу, элдешүү жөнүндөгү макулдашуу, тергөө судьясы, көрсөтмөлөрдү депонирлөө деген жаңы терминдер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Депонирлөө (лат. deponere ) – 1) кредиттик уюмга акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (акцияларды, векселдерди, облигацияларды, чектерди) жана башка баалуулуктарды сактоого өткөрүү; 2) депозитарийге эл аралык келишимдердин, ратификациялык грамоталардын, эл аралык келишимдерге кошулуу же аны депонсирлөө жөнүндө документтердин түп нускасын сактоого өткөрүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×