Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 08.02.2019 16:28

Ысык-Көлдүн активист жаштары Нарынга барышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 8-февралда Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов Ысык-Көлдөн тажрыйба алмашуу максатында келген жаштар менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чараны өкүлчүлүктүн Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова жана Нарын жаштар коому уюштурган.

Мындай жөрөлгөнү Нарын жаштары эки жылдан бери уюштуруп келет. Ал тажрыйба алмашып, келечекте эл-жерге кызмат кылууга багытталган.

Дубан башчысы жаштарга ийгилик каалап, Кыргызстандын келечеги мына ушундай жаштар менен жаркын болоорун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×