Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 11.04.2019 21:30 На русском

Айыл турмушу: 37 жылдан бери мугалим болуп иштеген А.Каленова киши көрүп дарылайт (сүрөт)

Turmush -  Эл агартуунун отличниги Айчүрөк Каленова 37 жылдан бери окуучуларга физика сабагынан билим берип келе жатат. Талыкпаган ардагер мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Айчүрөк Каленова 1959-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында туулган. Мектепти бүтүп, 1976-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинде билим алып баштаган. Аталган окуу жайын 1982-жылы бүтүргөн.

«Мен окуу жайды аяктап, кайра эле өз айылымдын мектебинде иштеп калдым. 1996-жылы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебине ишке орноштум. Ошондон бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатам», - деген Айчүрөк Каленова 2016-жылы «Жылдын мыкты мугалими», 2014-жылы «Облустун ардактуу атуулу», «Эл агартуунун отличниги» наамдары менен сыйланган.

«Окуучуларымдын көбү облустук олимпиадаларга чейин барып жүрүшөт. Өткөндө физика сабагы боюнча райондук сынакка барып, анда дагы 1-орунду алдык. Окуучуларды республикалык олимпиадага чыгарууга аракет кылып жатабыз», - дейт ардагер мугалим.

Слайд менен сабак өтүп, куралдарды колго жасаганды үйрөткөн Айчүрөк Каленова окуучулар менен кантип иштешерин айтып берди.

«Мурун куралдарды көбүнчө колго жасачубуз. Мектепте иштегенден бери окуучуларым физикага аябай кызыгып, физикага тиешелүү курал-жарактарды, а түгүл 2 кабаттуу үйлөрдүн макеттеринен бери жасап келишкен. Азыр техника өнүгүп, көбүнчө слайд менен сабак өтөбүз. Балдар менен окуу процесси боюнча дебатка дагы бардык. Ал жактан окуучуларыбыз өздөрүн абдан жакшы көрсөтүштү», - деди ал.

Айчүрөк Каленова бир гана сабак берүү менен чектелбестен кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет. Үйүндө бош отурбайт.

«Жашым пенсия курагында болсо дагы отуруп калбастан иштеп жатам. Сырткы дүйнө менен байланышам. Намаз окуйм, дем салам, киши көрөм. Кийинки учурларда адамдарды дагы дарылай баштадым. Андан тышкары үйдөн кол өнөрчүлүк менен алектенем. Курак курайм, шырдак, төшөк жасайм, кийим тигем», - деди педагог айым.

Айчүрөк Каленова 37 жыл мугалим болуп иштесе дагы, азыр деле сабак өтүүгө 4-5 саат даярданат. Изденип, көп китептерди окуйт. Сабакты оюн түрүндө өтүп, балдар көп суроо берсе тема түшүнүктүү болот деп ойлойт. Ар бир сабакта көргөзмө куралдарды, слайддарды колдонот. Кесибин сүйгөн каарманыбыз жумушундагы кызыктуу учурларды айтып берди.

«5-6 жыл мурун бүткөн окуучуларым физикага аябай кызыгышчу. Өздөрүнө тапшырма берип турчубуз. Дилбаян дагы жаздырганбыз. Бир окуучу кызым мени аябай жакшы көрөрүн, келечекте мендей мугалим болгусу келгенин жазыптыр. Анан менин кыймыл-аракетимди туурап классташтарына сабак өтүптүр», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×