Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Нарын облусу, Нарын 08.02.2019 14:05

Нарында жумуш учурунда курман болгон милиция кызматкерлерине арналып тасма тартылды (видео)

Turmush -  Нарын шаарында кылмыш иштерин тергөө иштери менен алектенген жана кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып тасма тартылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү киностудия менен биргеликте «Коштошуу» аталышындагы тасма тартышты. Тасмада кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү жумушу баяндалган. Ошондой эле, тасма кылмыш иликтөө кызматында кызмат өтөп жүрүп каза болгон маркумдарга дагы арналган.

Былтыр, 2018-жылы 5-октябрь күнү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×