Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Ош облусуНоокат району 08.02.2019 13:32 На русском

Оштогу мыктылар. Кыргыз-Ата — «Эң мыкты айыл өкмөт» (сүрөт)

Turmush -   Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтү Ош облусундагы «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына ээ болду. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 7-февралда 2018-жылдын жыйынтыгы менен коллегиялык жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Ош облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон, алдыңкы облустук, райондук мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр, ишкерлер аныкталып, сыйлыктар ыйгарылды.

Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев баштаган Ош облусундагы бардык тармактардагы мамлекеттик мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты. Анын жүрүшүндө Ош облусунун аймагындагы 88 айыл өкмөттүн ичинен Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтү бардык жетишкендиктери жана көрсөткүчтөрү боюнча эң мыкты деп табылып, 1-орунду ээлегендиги үчүн 25 миң сом акчалай сыйлык жана I даражадагы диплом менен сыйланды.

Аталган айыл өкмөт буга чейин Ноокат районунда 16 айыл өкмөттүн ичинде 1-орунду алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматы тарабынан «Мыкты айыл өкмөт» төш белгиси менен сыйланган болчу. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлиги, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация, райондук мекеме-ишканалардан бир топ сыйлыктарды жана дипломдорду алууга жетишкен.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө башчы болуп Бакытбек Марипов 2013-жылы шайланып, жергиликтүү бюджетти акыркы 5 жылдын ичинде 3 млн сомдон 25 млн сомго көтөргөн. Бакытбек Мариповдун 5 жогорку билими бар, жубайы экөө 3 баланы тарбиялап жатышат.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө:

- 2-орунду ээлегени үчүн 15 миң сом акчалай сыйлык жана II даражадагы диплом менен Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтү;

- III орунга чыкканы үчүн 10 миң сом акчалай сыйлык жана III даражадагы диплом менен Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтү;

- III орун, 10 миң сом акчалай сыйлык жана III даражадагы диплом менен Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү;

- тоолуу шартта жайгашкан айыл өкмөттөр арасында I орун, 25 миң сом акчалай сыйлык жана I даражадагы диплом менен Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтү;

- II орун, 15 миң сом акчалай сыйлык жана II даражадагы диплом менен Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтү;

- III орун, 10 миң сом акчалай жана III даражадагы диплом менен Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтү сыйланды.

Мекеме-ишканалар, кызматкерлер жана жеке ишкерлер арасында да мыктылар аныкталды. «Жылдын мыктысы» деп табылып, 3 миң сом менен сыйлангандар:

1. «Мыкты спорттук мекеме - 2018» Ош облустук Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби;

2. «Мыкты райондук билим берүү бөлүмү - 2018» Ноокат райондук билим берүү бөлүмү;

3. «Мыкты маданият бөлүмү-2018»Чоң-Алай райондук маданият бөлүмү;

4. «Мыкты мамлекеттик архив - 2018» Кара-Кулжа райондук мамлекеттик архиви;

5. «Мыкты социалдык фонд - 2018» Араван райондук социалдык фонду;

6. «Мыкты социалдык өнүктүрүү башкармалыгы - 2018» Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы;

7. «Мыкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу - 2018» Араван районунун Нурабад айыл аймагына караштуу Какыр-Пилтан айылындагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;

8. «Мыкты ишкана -2018» Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Алай райондук башкармалыгы;

9. «Мыкты фермердик чарба -2018» Араван районундагы «Огалык» фермердик чарбасы;

10. «Мыкты салык мекемеси -2018» Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгы;

11. «Мыкты асыл тукум чарба -2018» Кара-Суу районундагы «Абердун-Ангусс» асыл тукум чарбасы;

12. «Мыкты ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси - 2018» Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы «Пакиза-Суу» ИСКАКБ;

13. «Мыкты суу пайдалануучулар ассоциациясы - 2018» Кара-Суу районундагы С.Жалолдинов суу пайдалануучулар ассоциациясы;

14. «Мыкты Банк-2018» «Айыл банк» ачык акционердик коомунун Ноокат районундагы филиалы;

15. «Мыкты Эл аралык уюм-2018» Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү долбоорунун Ош өкүлчүлүгү;

16. «Мыкты облустук ишкана -2018» Ош-Сары-Таш-Эркештам автомобиль жолдор башкармалыгы;

17. «Мыкты куруучу ишкана-2018» «Сантехмонтаж» жоопкерчилиги чектелген коом;

18. «Айылдык кеңештин мыкты төрагасы - 2018» - Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Адина Миңбаева;

19. «Айылдык кеңештин мыкты депутаты - 2018» Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Абуталип Курбаналиев;

20. «Мыкты айыл өкмөт башчысы-2018» Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Жантөрөев Кантөрө;

21. «Мыкты айыл башчы -2018» Ноокат районуна караштуу Каранай айылынын башчысы Шермамат Жолдошев;

22. «Мыкты куткаруучу-2018» - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Сүйүнбек Осмонов;

23. «Ички иштер органынын мыкты кызматкери -2018» - Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Салмоорбек Шералиев;

24. «Мыкты тескөөчү -2018» - Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүсү Эдил Шайназаров;

25. «Жылдын мыкты дарыгери -2018» Алай аймактык ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы Анара Эргешова;

26. «Мыкты жеке ишкер -2018» Кара-Суу районундагы Россия Нефть ЖЧКсынын директору Алишер Козуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×