Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 08.02.2019 10:08

Ак-Талаанын Баетов айылында кенже кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында кенже кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленип, бир катар жумушчуларга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 7-февралда Баетов айылындагы Дербишкан Ажиев атындагы айылдык клубда айылдын мекеме-ишканаларында иштеген кенже кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленип, аларды айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков, айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетова, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Үрүстөм Күсөрмамбетов жана «Алтын муун - Наристе» бала бакчасынын башчысы Нургүл Сатылганова куттуктады.

Салтанаттын жүрүшүндө Баетов айылына караштуу мектеп, бала бакчалардын жана кичи ишканалардын кароолчу, кеңсе тазалагыч, от жаккыч жана башка жумушчуларына айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тапшырылды. Ошондой, эле кесип ээлерине баалуу белектер ыйгарылды. Андан тышкары аларга Баетов айылынын өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерт тартууланды.

Кенже кызматкерлердин кесиптик күнүн белгилөө 3 жылдан бери айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колго алынып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×