Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусу, Нарын 07.02.2019 16:08

Өчпөгөн үмүт... А.Кайыпов элчиден Нарын эли жетпей жүргөн аппаратты алып берүүнү суранды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 6-февралда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, эки тараптуу жолугушууда жылуу сөздөр айтылып, мындан аркы чогуу жасалуучу иштер талкууланды. Өз сөзүндө дубан башчысы Индияда медицина тармагы жакшы өнүккөнүн баса белгилеп, ушул жаатта чогуу иштешүүгө чакырды. Айрыкча, Нарын бийик тоолуу облус болгондуктан жүрөк жана баш оорулары көп кездешерин айтып, көп жылдан бери маселе болуп келген томография аппаратын алууга жардамдашууну суранды.

Мындан сырткары маданий алаканы да бекемдеп, эки өлкөнүн маданият өкүлдөрүн жакындатып, алдыда мыкты долбоорлорду аткарса болорун баса белгилешти.

Индиянын элчиси жеке эле медицина жаатында эмес, дагы башка тармактын өкүлдөрүнө Индияга барып, 3 айдан жогору убакытка чейин атайын окуулардан бекер окуп келсе болорун айтты. Мындан сырткары жогоруда айтылган аппаратты алып берүүгө колдон келген аракетин жумшарын белгиледи.

Тема боюнча: Нарынга Индиянын Кыргызстандагы элчиси иш сапары менен келди (сүрөт)

Өкмөттүн өкүлү А.Кайыпов Жапон өлкөсүндөгү ишкерлерден Нарын облусуна Томография медициналык жабдуусун сурады (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×