Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 07.02.2019 14:56 На русском

Айыл турмушу: Чарчаганын маянасын алганда унуткан наабайчы — Т.Айдаракунов (сүрөт)

Turmush -  15 жылдан бери тандырга нан жаап иштеген Турдукул Айдаракунов жумушунан чарчаганын маянасын алганда унутат. Наабайчы Айдаракунов менен аймактык кабарчы таанышты.

Турдукул Айдаракунов 1986-жылы Ат-Башы районунун 1-май айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде экономика-информатика багытында билим алган. Бирок кесиби менен иштебей, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу оштук агаларынан тандырга нан жапканды үйрөнүп, 15 жылдан бери наабайчы болуп иштеп келет.

«Башкысы — бул жумуш менен үй-бүлөнү багып келе жатам. 15 жыл мурун ун, нан арзан болуп, алган маянабыз дагы төмөн болчу. Тактап айтсам, нан 5 сом, ун 700 сом болсо, эмгегибиз үчүн 30 сом алчубуз. Азыр баа көтөрүлдү. Ундар 1250-1300 сомдон болуп жатат, нандар 15-20 сом, тапкан айлыгыбыз үй-бүлөгө жетет. Жумуштун зыян тараптары дагы бар. Көмүрдүн иси көзгө, ден соолукка зыян. Жакшы жагы жумуш туруктуу. Маңдай терибиз менен үй-бүлөнү багып жатабыз», - деди Айдаракунов.

Анын айтымында, бир күндө жарым мүшөктөй көмүр жагылат. 2 мүшөк ун жуурулуп, андан 400-500гө жакын нан бышырышат.

«Кээде сатылбай калган нандар болот. Аларды үйгө алып кетебиз, малдарга дагы беребиз. Кышкысын соода басаңдайт. Күз мезгилинде жана жаңыжылга чукул соода кызып калат. Жайында тандырдын ысыгы жакшы кармалат. 1 нандын салмагы 320 грамм болот, бышырганда 15-20 грамм жоготот. Ат-Башынын ичинде 4 тандыр нан жапкан жай бар», - деген Турдукул Айдаракунов жумушу тууралуу айтып берди.

«Тапканым үй-бүлөмдүн муктаждыктарына гана жетсе болду» деген Турдукул мырзанын үй-бүлөсү чоң. Жубайы, 6 баласы бар. Өзү 6 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×