Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуКочкор району 07.02.2019 13:42

Кочкордо идентификациядан өтпөгөн малдарды мал  базарга киргизүүгө тыюу салынды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда идентификациядан өтпөгөн бодо малдарды мал базарга киргизүүгө тыюу салынды.

Кочкор районунда өткөн жылдын жыйынтыгында 28400 ири мүйүздүү мал идентификациядан өткөрүлгөн.

«Кочкордо ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо үч жыл мурда башталган. Ошого карабай кээ бир мал ээлери малды идентификациялоодон өткөрбөй жашырып коюшууда. Мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү, ири мүйүздүү малдарды идентификациядан толук өткөрүү максатында, райондук ички иштер бөлүмү менен бирдикте көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Кулагында биркасы жок ири мүйүздүү малдар базарга киргизилбейт», - деди Кочкор райондук ветеринардык башкармалыгынын директору Мусабек Абдыкеримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×