Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 08.02.2019 09:07 На русском

Ат-Башыда байлыгын каткан мамкызматкер отставкага кетти. Сүрөт

Turmush -  Ат-Башыда жеке ишкерлик кылган Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери А.Р. кирешелерин декларацияга киргизбегендиктен жумуштан кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев билдирди.

Буга чейин Ат-Башы райондук мамадминистрациясынын А. аттуу кызматкери ишкерлик менен алектенерин аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришкен болчу.

Алардын айтымында, аталган кызматкерге тиешелүү жер тилкеси райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун күн батыш тарабында жайгашкан. Ал жерди башка тургундар ижарага алып, контейнерлерди, күркөлөрдү орнотушуп, ашкана, чачтарач иштетип келишет.

«Бул контейнерлер, күркөлөр соодагерлердики. Ал эми жер аталган кызматкердики. Соодагерлер ижара акысына жайкы мезгилде 3 000 сомдон, кыш мезгилинде 2500 сомдон төлөп турушат. Мыйзамда мамлекеттик кызматкер ишкерлик кылууга тыюу салынган деп турат», - деп билдиришти алар.

Жакыпбек Субагожоев: «Биздин жооптуу кызматкердин ишин прокуратура органдары тиешелүү мыйзам чегинде карап, тапкан кирешелерин декларацияга киргизбегендиги жөнүндө тиешелүү сунушун берди. Ошол сунушта кызматтан бошотууга мыйзам чегинде болору белгиленип жатат. Бирок бизге прокуратурадан сунуш 5-февралда келди, бул адам 4-февралда өз арызын жазып кетти. Учурда анын арызы канааттандырылып, жумуштан бошоду», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×