Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 07.02.2019 12:02 На русском

Ат-Башынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы дааратканасы жок бөлүмдөр (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам жана тиш дарылоо бөлүмдөрүндө дааратканалар жок. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Токторбай Кадыракунов аталган бөлүмдөргө санитардык түйүндөр ушул жылдын жаз айларында курула турганын билдирди.

«Жеке эле тез жардам бөлүмүндө эмес, тиш дарылоо бөлүмүндө дагы санитардык түйүндөр жок. Себеби имараттын бош бөлмөлөрү жок болуп жатат. Былтыр борбордун сметасына акча кошулбаптыр, бирок ага карабастан быйыл тез жардам бөлүмүн 38 миң сомго оңдоо-түзөөдөн өткөрдүк. Ал эми ажаткана маселеси боюнча, күн жылыгында тез жардам бөлүмүнүн капталына, унаа токтоочу жайдын артына стандартка жараша суу, жылуулук киргизип берели деп жатабыз. Мындан тышкары тиш дарылоо бөлүмүнө дагы санитардык түйүндөр салынат», - дейт Токторбай Кадыракунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×