Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Нарын облусуКочкор району 07.02.2019 11:41 На русском

Ата мурасы, эбегейсиз эргүү жана адреналин… Мүнүшкөр М.Абдылдаев чемпион ителгини таптады (видео, сүрөт)

Мүнүшкөр Муратбек Абдылдаев
Мүнүшкөр Муратбек Абдылдаев

Turmush -  Кочкор районунун Шамшы айылынын тургуну Муратбек Абдылдаев балачагынан бери куш таптап, мүнүшкөрлүккө кызыгат. Ал кесиби боюнча мугалим. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Атадан балага өткөн мүнүшкөрлүк

- Мүнүшкөрлүк канымда бар. Эмгектеп жүргөндөн тартып куш менен байланыштамын десем болот. Себеби, мен эмгектеп жүргөн кезде үйдөгү ителги бошонуп келип, боорумду тытмалаптыр. Мен болсо кытыгым келип, каткырып жатканда атам көрүп калып, ажыратып калган экен. Атам ушул окуяны көп айтаар эле. Атам Керээзбек куш таптап, ителги агытчу. Бүгүнкү күндө куш таптаганга мен, аталаш инилерим, байкелерим да кызыгышат. Атам көзү өткөнгө чейин үйдө куш, ителги кармады. Ителги агытканы чыкканда атам өзү менен кошо ээрчитип чыгып, мени көндүрүп койду. Өзүм ителги кармап таптаганга чейин атамдын ителгисин агытчумун. Кийин атам дүйнөдөн өткөндөн кийин ителги таптоо оңой эмес экенин түшүндүм.

Ителги таптоо

- Ителгини жакшы таптаса, күчүнө кирип, айбаттуу болот. Мунун өзгөчөлүгү — тумшугу менен тырмагында. Өзүнө курман боло турган айбандын мойнун учуп келип үзө тээп, түшүнүктүү айтканда мууздап, андан кийин этин жейт. Тапкан жемин тоё жедириш керек.

Булар да оорушат. Тамагы ооруп, таманына жара чыгат. Ооруп жатканын байкап, дарылап алуу керек. Тамагы ооруп калганда ангинасын алдырып, ооруканага жатып, дарыланып келдик. Азыр медицина өнүккөн заман. Аз өлчөмдө наркоз берип, ангинасын алат экен. Өзүм дагы үйрөнүп алдым. Ооруп калган кушту элдик медицина менен дарылаганда ага ала карга же чычкан беришчү. Булар оорусунан айыктырат.

Ителгинин көзү 40 чакырым алыстыкты көрө алат. Асмандан жерге саатына 300 км ылдамдыкта тик учуп келип түшөт. Өзүнөн көлөмү чоң жаныбарларга күчү жетип, көзүн чыгара тепкен учурлары болгон. Коён, өрдөк, тоос жана башкаларга алы жетет. Бийик тоолордо учуп жүргөндүктөн, жүрөгү курч болобу деп ойлойм.

Чемпион ителги

- Студенттик курак, үй-бүлө түйшүгү, жумуш менен жүрүп куш, ителгиден алыстай түштүм. Балдарым чоңойду, түйшүгүм азайып, акыркы 3 жылдан бери кайра ителгилерим менен салбуурунга, Көчмөндөр оюндарына катышып келе жатам. 2016-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүп, мен да кийинки жылдары катышам деген ниет менен келгем. III Көчмөндөр оюндарына Таш чайнар аттуу ителгим менен барып, чемпион аталып, алтын медаль тагынып келдик. Бул оюнда да шарттары бар. 3 мүнөттүк убакыт берилет. Ошол убакта ителгиге жемин көрсөтүп чакырып, далбаа ойнотосуң. Ителги асманга учуп чыгып, жемин тээп, кайра учуп кеткени эсептелет. Менин ителгим 3 мүнөттүн ичинде 26 жолу өз жемине келди. Ошентип биз чемпион аталдык.

Бириккен Араб Эмираттарында жакында 50дөн ашык мамлекеттин катышуусунда оюн өтөт. Кыргыздын улуттук оюндарын таанытуу, жайылтуу максатында, ителгим менен ушул жакка барып, оюн көрсөтөбүз. Ителги таптап, далбаа ойнотуу адамга энергия тартуулайт. Чуркайсың, кыйкырасың ичиңдеги бугуң чыгып, адреналин аласың. Неберем да мүнүшкөрлүккө кызыгат. Болгону ал 2 гана жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×